Menu

Бишкекте IV Дүйнө элдеринин эпосторунун Эл аралык фестивалы өтүүдө

Бөлүшүү:

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имаратынын алдында 3-сентябрдан 7-сентябрга чейин IV Дүйнө элдеринин эпосторунун Эл аралык фестивалы өтөт. Бул туурасында Бишкек шаардык мериясынын басма сөз кызматы билдирет.

Фестивалды Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулду.

Фестивалга 20дан ашык өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

4-сентябрда бардык каалоочулар «Кыргыз көчү» этнографиялык аймагынын ачылышына күбөл боло алышат. Саат 18:30 дан 20:00го чейин фестивалдын катышуучулары тарабынан концерт уюштурулат.

5-сентябрда саат 17:00дон 19:00го чейин филармониянын алдында бардык каалоочуларды «Маданий түрдүүлүктүн парады» театралдаштырылган программасы күтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: