Президенттик шайлоого эң алгачкылардан болуп Темир Сариев аттанган. Чыныгы күрөш ушул талапкерлердин арасында болот деп аты аталгандардын арасында Темикенин да аты аталып жүргөн. Бирок, акыркы күндөрү Темикенин теминген таскагы дымып калгандай болду. Бириккен төртилтикти өзүнө имерүүгө жакшы аракет кылганы менен анысынан майнап чыккан жок. Азыр Сариев менен санаалаш болом дегендердин саны суюлуп калды. Башында Камчыбек Ташиев номур биринчи ак-шумкарчыга ыктагандай болгон. Андан оңтойлуу жооп болбогон соң башка тарапка секирик жасады. Экөөсүнүн ортосунда ачык сөз болуп, Камчыке “Темике, сизден жооп болот деп бир жарым ай күттүм. Сиз тараптан жарытылуу жооп болгон жок. Эми капа болбоңуз, жолубуз
башка” деп кеткени чындык. Ташиев кеткенден кийин төртилтик да ыдырап жок болду. Темикеге тирөөч болчу лөктөр калбады. Азыр Темир Сариев да Сооронбай Жээнбековго ыктаса, Кулматов башкарып олтурган орус-кыргыз фондуна баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгону жатыптыр. Фонддун жетекчилигине барыш учун орустар уруксат берет эмеспи. Орустар менен сүйлөшүү жүргөндөн кийин Темикенин тагдыры да чечилчүдөй болуп турганы чындыкпы? Сариев Сокеге бириксе, Сокенин жолу салынып жаткан түндүк-түштүктү бириктирчү жаңы асфальт жолдой даңгыр болооруна шек жок.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ