Menu

Камалган саясатчыларды табалоону адатка айландырып алган Байкожоев

Бөлүшүү:

Өзүн коомдук ишмер сезген Болот Байкожоев деген бирөө бар. Кайсы бийлик болбосун, жагымпоздук мүнөзү менен эл көзүнө көрүнө калмайычы? А баса, бийликке оппозициялык маанайда жүрүп, кайсы бир саясатчылар камалса эле Байкожоев өзүнчө эле кыжылып, «өлгөндүн үстүнө көмгөн» кылгандай эле басмырлап жатып калмайы бар экен. Маселен, буга чейин Садыр Жапаровго кылмыш иши козголгондо аны поктоп чыкса, эми Канат Исаев камалса, муну жамандап кирди. Дегеле элдин атынан сүйлөп, мекенчилдей бакылдаса түңүлөт экенсиң, анан калса, «катуу жаза бериш керек, житирип, жок кылыш керек» дегендей опурулганы неси? Эй, кыргыз эли айкөл эмеспи, жамандык башка түшүп турганда тебелеген эмес. Жакшылык кылуу колуңдан келбесе да көлөкөңдү түшүрбө да. Байкожоев бир топ жашка чыгып калса дагы, тескери сүйлөп, кыргыздын бычакка сап уулдарына «жугунду куйганды» качан токтотот? Же бу эргул башына иш түшүп турган саясатчыларды табалоо менен кайф алабы? Мындай жүрүшү менен элден чыгып калбайбы? Карыганда…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: