Бишкектин Ленин райондук соту бүгүн, 10-октябрда депутат Аида Салянованы үй мүлкүн конфискациялоо, өкүмдү аткаруу убагын анын кызы 14 жашка чыккычакты кечиктирүү менен 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.
Мурунку баш прокурордун кичүү кызы 2015-жылдын 18-июлунда төрөлгөн.
Эске салсак, 2016-жылдын 26-декабрында экс-генпрокурор жана экс-юстиция министри, учурдагы “Ата Мекен” партиясынан депутат Аида Саляновага Максим Бакиевдин досу Алексей Елисеевге адвокаттык лицензияны мыйзамсыз берген деп кылмыш иши козголгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ