2017-жылдын 18-октябрынан 20-октябрына чейин “Рекетчиликке жана зомбулука каршы” аталыштагы ыкчам-алдын алуу иш чаралары өткөрүлдү. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Бул иш-чаралардын күндүзгү бөлүгүн өткөрүү учурунда базар-соода комплекстери, бекеттер, имараттардын чатырлары жана жер-төлөлөрү, текшерилсе кечинде компютердик клубдар, кафелер, түнкү клубдар жана башка жаш өспүрүмдөр барган жайлар текшерилди.
Ата-энесинин же аларды алмаштыргандардын көзөмөлү жок түнкүсүн көчөдө жүргөн жаш өспүрүмдөргө карата укук бузууларды жана кылмыштарды болтурбоо, алдын алуу үчүн, жаш өспүрүмдөргө же алардын ата-энелерине карата алдын алуу багытындагы иш-чаралар жүргүзүлдү. Себеби, аталган жайларда түнкүсүн жалгыз жүргөн жаш өспүрүмдөр ар түрдүү кылмыштын курмандыгы болуп калышы мүмкүн.
Өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында республикада боюнча 439 жаш өспүрүм аныкталса, алардын 69 өспүрүмү Кыргыз Республикасынын Жаш өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилди. Калган балдарга карата алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин ата-энелерине тапшырылды.
ИИОнун Жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн каттоосуна 52 жаш өспүрүм ар кандай укукка жат жүрүш-турушу үчүн каттоого коюлуп, белгисиз жоголгон 14 жашы жете элек өспүрүмдөр табылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ