Menu

Видео – Москва химиялык чабуулду иликтөөгө каршы вето койду

Бөлүшүү:

Орусия БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Сириядагы химиялык куралдарды иликтөө тобунун ишин узартуу боюнча резолюцияга вето койду. Коопсуздук Кеңешинин он бир мүчөсү документке “макул”, Орусия менен Боливия “каршы” деп добуш берди. Кытай менен Египет добуш берүүдөн карманды.

Орусиянын чечиминин натыйжасында Химиялык курал колдонууга тыюу салуу боюнча уюмдун эксперттери бүгүн өз ишин токтотушат. Алар Сириядагы химиялык курал колдонуу учурларын иликтеп жатышкан.

Быйыл апрель айында Сириянын Хан-Шейхун шаарында зарин газы колдонулганы үчүн АКШ жана анын өнөктөштөрү Сирия өкмөтүн айыптаган. Хан-Шейхундагы химиялык чабуулдан токсондой кишинин өмүрү кыйылган. Комиссия күбөлөр менен сүйлөшүп, фото жана видеоматериалдарды топтоп, топурактан алынган анализдерге таянуу менен ушундай бүтүм чыгарган. Коопсуздук чараларын эске алуу менен окуя болгон жерде иликтөө жүргөн эмес, бул болсо Москванын сынына кабылган.

https://www.youtube.com/watch?v=t6OnRLDxNEI&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: