Menu

Кубанычбек Кулматов КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекетик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Кулматов Кубанычбек Кеңешович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, Мамлекетик бажы кызматынын жаңы жетекчилиги астында Кызматтын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана бажылык жөнгө салуу жаатындагы абалды жакшыртууга багытталган бир катар так милдеттер коюлган.

Сапар Исаков Кубанычбек Кулматовдун мыкты кесипкөйлүгүн жана тажрыйбасын белгилеп, анын жетекчилиги астында 2010-2013-жылдары өлкөдөгү бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 2,5 эседен ашуун жогорулагандыгын эске салды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: