Самара Каримова деген ырчы уулдарына сүннөт той өткөзүптүр. Ага келген коноктордун арасында жамактатып сүйлөмүш этип «бап-бап» эткен Рыскелди Момбеков баштаган ЖКнын бир топ депутаттары барыптыр. Мурун ырчы, азыр элчи болуп калган Ибрагим Жунусов да атайын Түркиядан учуп келген. «Ушинтип убактысын сайрандоого короткондон көрө ар бир мүнөтүн Түркияда жүргөн, кыйналып жаткан мекендештерибизге көмөк көрсөтүүгө жумшаса көбүрөөк cooп топтойт беле… Түркиядагы мигранттар жыргап жашап жаткансып бул жакта чартаңбай тээп жүргөнүнө жол болсун» деп социалдык түйүндөрдө нааразы болгондордун саны арбын.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ