Милиция бөлүмүнө 2017-жылдын 16-декабрь күнү болжол менен түнкү саат 04:00 чамасында белгисиз адамдар жабырлануучу жашаган үйдүн короосунан баасы 7000 сомдук велосипедин уурдап кетишкендиги тууралуу арыз келип түшкөн. Милиция кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери журүп, натыйжасында кылмыштын изин суутпай шектүү катары 1988-жылы туулган М.Э. аттуу Бишкек шаарынын тургунун кармашкан. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасын кылмыш-жаза кодексинин 164- беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө. Өз ээсине уурдалган велосипед кайтарылып берилди.
Ошондой эле, Биринчи май районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 28-октябрь күнү арыз ээсинин “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү автоунаасынын ичинен белгисиз адамдар “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кетишкен. Жогорудагы факты боюнча Биринчи май районунун ИИБнин тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде аталган кылмыш ишине шектүү катары Чүй облусунун 37 жаштагы Б.А. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ