Ушул жылдын 17-декабрынан 18-декабрга караган түнү Ноокен районунун Момбеков айыл аймагына караштуу мал сарайлардын биринен 1 баш уй жана 2 баш торпокту белгисиз адамдар уурдап кетишкен факты катталган. Натыйжада мал ээсине 70 000 сом өлчөмдө зыян келтирген. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Ноокен РИИБне К.А аттуу жабырлануучу арыз менен кайрылып, аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Ноокен РИИБнин кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары Ноокен районунун Момбеков айылынын 20 жаштагы тургуну кармалып, буга чейин каракчылык менен соттолгон. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү “Хюндай Портер” үлгүсүндөгү автоунаага 3 баш малды жүктөп, 18-декабрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Өзгөн районундагы мал базарга алып барып, жалпы баасы 41 000 сомго сатып жибергени аныкталган. Кармалган жаран 21-декабрь күнү убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы күндө анын башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ