Menu

Дастан Бекешев: “Жаңырган жылда экологияга өзгөчө көңүл бурсак”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2018-жылдын 4-январында Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында абанын булганышын болтурбоо жаатында сунуштар ортого салынды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Депутат Дастан Бекешев жаңырган 2018-жылы өзгөчө экологияга көңүл буруу чакырыгы менен чыкты. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкектин абасынын тазалыгына Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги же Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция – кайсы мекеме жооптуу экени түшүнүксүз. “Бишкектин экологиясына өзгөчө басым жасап, борбор калаабызды жашыл шаарга айланталы”,- дейт Д.Бекешев.

“Бишкек жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) чыккан түтүндүн нормасын текшерип коюуну сунуш кылган депутат Бакирдин Субанбеков Кара-Балта шаарындагы “Жунда” мунайды кайра иштетүүчү заводдон чыккан жыт боюнча жергиликтүү элдин нааразычылыгын дагы айтты.

Коомчулукта экология маселеси абдан талкууланып жатканына депутат Аалы Карашев токтолду. Эл өкүлү Бишкек ЖЭБинде болгон модернизацияны элге көрсөтүп, толук маалымат берүүнү КР Өкмөтүнө табыштады. Мындан сырткары, А.Карашев абанын булганышына себепчи болгон авто унаалардын көбөйгөндүгү боюнча авто унааларды газга өткөрүү менен абага зыяндуу заттар азыраак чыгарын билдирип, Өкмөткө ушул маселени иликтеп чыгууну сунуш кылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: