Menu

Балх провинциясынын губернатору Кабулга ультиматум койду

Бөлүшүү:

Ооганстандын Балх провинциясынын губернатору Атто Мухаммед Нур эгер Кабул бийлиги кол коюлган төлөм документтерин тоготпосо, ал Балх провинциясынын тургундарынын маяналарын Хайратон портунун миллиарддаган кирешесинин эсебинен төлөп берерин эскертти.

Өзбекстан менен чектеш жерде жайгашкан Хайратон Ооганстандагы жүк ташуучу ири пункт болуп эсептелет. Атто Мухаммед Нур 14-январда Мазори Шарифтеги тарапташтары менен жолугушуу учурунда Балх провинциясы мурдагыдай анын буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн аткара бериши керектигин айтты.

18-декабрда Ооганстан президентинин маалымат кызматы Балх провинциясынын губернатору отставкага кеткенин жарыялаган. “Мамлекет башчысы Атто Мухаммед Нурдун отставка өтүнүчүнө кол койду. Балх провинциясынын башчысы болуп Мухаммед Довуд дайындалды”, – деген президенттин маалымат катчысы Шох Хусейн Муртазави.

Бирок Атто Мухаммед Нур кызматтан кетпей турганын билдирген. Саясатчы тарапташтары менен жолугушуу маалында губернатор маселесин президент чечпей турганын айткан.

Күн мурун жергиликтүү түзүмдөрдү башкаруу боюнча мекеме башчысы кызматтан алынган Балх губернатору тарабынан кол коюлган документтер жараксыз экенин билдирген. Буга жооп иретинде Атто Мухаммед Нур бийликте жана мамлекеттик масштабдагы маселелерди чечүүдө каатчылык болуп жатканда “оозуңду жап” деген.

Атто Мухаммед Нур Балх губернаторунун башчысы болуп 2004-жылы дайындалган. “Афганистан.ру” сайты ал эки жыл аралыгында коопсуздукту камсыздоо жана апийим эгүүгө бөгөт коюуда бир катар ийгиликке жетишкенин белгилеген. 2015-жылы айрым батыш басылмалары Нурду “Түндүк Ооганстандын королу” деп аташкан. Былтыр октябрда Атто Мухаммед Нур 2019-жылы Ооганстандагы президенттик шайлоого катышууга даяр экенин жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: