Menu

Искендер Гаипкулов, “Ата Мекен” фракциясынан ЖК депутаты: “Аз күндө камактагы Текебаевдин абалын сурап чыгам”

Бөлүшүү:

Коомчулукка сырдуу болуп келген бул фигура табиятынан эл алдында чыкканды анчейин каалабайт. Ошондуктанбы, мезгилдүү басма сөзгө маек бериштен караманча качкан жайы бар. Төмөндөгү кеп учугу экөөбүздүн үч жылдан бери “алышып жатып”, акыры бир пикирге келгендигибиздин айынан улам уланды. Эмесе, айтылуу Медет Садыркуловдун шакиртинин пикирин төмөндө бирге тыңдайлы.

— Искендер мырза, депутаттык мандатты алаарда сиз айтылуу Өмүрбек Текебаевдин энесинен барып бата алып, ал-жайынан кабар алып келдиңиз. Мындай жакшы жөрөлгөңүз менен ошондой эле батаны абакка барып Өмүрбек мырзанын өзүнөн да алып келгенге жарадыңызбы?

— Мен Өмүрбек Чиркешовичтин кичи мекенине барып, энесинен бата алган күн бул Текебаев үчүн улуу күн болчу десем болот. Тагыраагы, дал ошол күн айтылуу эл уулунун туулган күнү эле. “Ата Мекен” фракциясы партлидердин жарык дүйнөгө келген күнүнүн урматына карата Өмүрбек Чиркешовичке барып куттуктоо боюнча бир чечимге келишиптир. Мындай кабардан соң, мен фракцияга өздүк демилгемди көтөрүп, бул күн бир гана Текебаевдин күнү эмес, бул күн ал кишини жарык дүйнөгө алып келген энесинин да майрамы экенин, эгерде Өмүрбек Чиркешович эркиндикте болгондо биринчи энесине бармактыгын айтып, мындай шартта биздин фракциянын атынан Текебаевдин энесин куттуктап келишти жеке өзүм колго алууну демилгеледим. Андан соң Тилла энебизди сыймыктуу уулунун туулган күнү менен биздин фракциянын, өзүмдүн атымдан да куттуктап, ал жердеги жергиликтүү партиялаштар менен жолугуп, сүйлөшүп келдим. Ал эми Өмүрбек Чиркешовичтин өзүнө кирип, жолугуп чыгуу шарты келе элек. Жакынкы күндөрү партлидер менен жолугушуп, ал-абалынан кабар алуу максатымда бар.

— Коомчулукта Жогорку Кеңеш интриганын уюткусу катары сыпатталып калды. Сиз эл өкүлү болгону парламенттин ичиндеги ар кандай ыйкы-тыйкыларды, ички интригаларды байкай алдыңызбы? Дегеле депутаттык ишмердүүлүгүңүздү эмнеден баштадыңыз?

— Парламенттин ишмердүүлүгү мага жат эмес. Мен кыргыз парламентинин 3-чакырылышына бир мандаттуу округдан депутат болуп шайлангам. Эл өкүлдөрүнүн негизги иши мыйзам чыгаруу болуп саналат. Биз ошол иш менен алектенишибиз зарыл. Ал эми интрига дегенибиздин өзү кыргызга адат болуп калды. Маселен, парламентте фракция-фракция болуп бөлүнүп, бир маселени көтөрүп чыкса эле “интрига” дешет. Бирок, иштин чоо-жайына келгенде ар бир депутат “элдин кызматын кылам” деп келгенден кийин бул жерде көпчүлүктүн талабын аткарганга аракет жасаган далалаттарын көрүп турам. Анан калса жаңы жылдын астында парламентте эки мыйзамды социалдык пособиялар жана ЕАЭБ менен болгон байланыштагы өзгөртүүлөр боюнча мыйзам кабыл алуу боюнча иштерди көпчүлүк интрига катары кабылдашса керек. Муну эми парламенттин ичиндеги ички интрига катары эсептесе болбойт. Болгону өкмөттөгү техникалык жооптуу кызматкерлердин өздөрүнүн негизги иш милдеттерине шалаакылык менен мамиле кылгандары катары кабылдасак болот.

— Сиз менен үч жылдан бери “алышып жатып” маектешүүгө эми насип буюрду окшойт. Мындай ыңгайда кан кудаңыз, экс-мэр Мелис Мырзакматов тууралуу суроо бербесем болбой калат. Ал киши учурда каякта? Байланышып турасызбы? Чет өлкөдөгү “туристтик доорун” качан аяктатып, Кыргызстанга жакын арада келүү ниети бар бекен?

— Туура, Мелис Мырзакматов менен кан кудалардан экендигибиз чын. Экөөбүздүн ортобуздагы мамиле да кудалык, туугандык гана чекте десем болот. Ошондуктан, биздин ички үй-бүлөлүк мамилени саясатка аралаштырбай эле койсок туура болот. Ал эми Мелис кудамдын кайда, эмне себептен сыртта жүргөнүн баары эле билишет деп ойлойм. Жеке өзүмдүн ар бир саясый кадамымды көпчүлүк катмар кудама байланыштырышат. Мелис кан кудам экөөбүз миң жылдык кудалардан болгон соң тууганчылыкты саясаттан жогору коёбуз. Ошондуктан Калыгул үкөм, туура түшүнсөң, биздин мамилени мындан ары саясатка аралаштырбай эле койсоңор.

— Саясатка аралыштырбай эле кой дейсиз. А бирок, сиз ошол кан кудаңыздын арты менен партиясына мүчө болуп, анын арты менен илмешип-чалмашып бүгүнкүдөй депутат да болуп отурасыз го? Экөөңүздөрдүн мамиле сиз айткандай саясаттан бийик болсо, анда кудаңыздын партиясынан депутаттыкка аттанбай эле койбойт белеңиз?..

— “Улуттар Биримдиги” партиясынан чыгып кеткен жерим жок. Азыр деле мен ал партиянын саясый кеңешинин мүчөсүмүн. Кудам Мелис “Улуттар Биримдиги” партиясынын лидери жана түзүүчүлөрүнүн бири. Мелис Мырзакматовго окшогон партияда бир катар түзүүчүлөр жана саясый кеңеши бар. Партия бир кишиники болсо, ал саясый топ эч качан ийгиликке жетишпейт. Менин кудам андайды жакшы билет. Ошон үчүн биздин “Улуттар Биримдиги” саясый партиясын башкарууну ал саясый кеңешке берип, бүгүнкү күнү саясый кеңеш аталган партиябыздын ишин алга карай жүргүзүп жатат. Мелис лидерибиз өзүнүн саясый ой пикирин саясый кеңеш аркылуу билдирип турат. Биз парламентке келгенде дагы “Ата Мекен” партиясы менен “Улуттар Биримдиги” партиясынын ортосундагы келишимде биз өзүбүздүн партиябыздын алдыга жүрүш программаларын колдоп чыгуу боюнча эки тараптуу келишим болгон.

— Түштүктөн чыккан белгилүү саясатчы катары көп учурда көлөкөдө жүрүп күн кечиргендей жүргөнүңүздүн сыры эмнеде? Негизи эле сизди “көшөгө артынан көп оюндарды жүргүзгөн интриганын устасы” деген кептерге кандай жообуңуз бар?

— Эми мындай такталып-такталбаган, бир беткей пикирлер өзүбүздүн арабызда эле жүрүшкөн саясатчылардан чыгат. Мен эч кандай көшөгө артынан жүрүп же бир силер жазгандай сырдуу оюндарды жүргүзгөн жерим жок. 2010-жылдагы апрель революциясы болгондон кийин мамлекеттик эмес кызматтарда иштедим. Бул аралыкта мамлекеттик кызматтарда иштебесем дагы өндүрүшкө көбүрөөк көңүл буруп, өлкөбүзгө кошкон салымдарыбыз болду да. Ошондой эле бул аралыкта мамлекеттик эмес Россиянын регионалдык институтунда биздин ЕАЭБге кошулуудагы көп иштердин алдыга жүрүшүнө аракетибизди кошуп жаттык. Эми мен башкаларчылап биртике кылган ишимди телеге же саясый гезиттерге айрым сенин агаларыңдай болуп интервью берип, жарнамалай бербейм да. Ошол себептен силер “көмүскөдө жүрөт” дегендей жаза бересиңер. Аныгында андай деле эмес.

— Бүгүн парламенттеги эл өкүлдөрүнө, алардын кылган-эткендерине, деңгээлдерине, популисттик кадамдарына карата көп учурда сындар айтыла калып жүрөт. Бизнестен келген кесиптештериңизге карата парламент ичиндеги сиз сыяктуу алчы-таасын жеген, тажрыйбалуу депутаттардын пикири кандай экен?

— Биринчиден, депутат жанындагы депутатка карата деңгээли жөнүндө сын айтканы туура эмес. Биз колубуздан келсе биригип, биргеликте иштешибиз зарыл. Туура, парламенттеги бизнестен келген эл өкүлдөрүнө сындар айтыла калып жүрөт. Бирок, ошол бизнесмендер да жөндөн-жөн ишкер боло калышкан эмес да. Мен ар убак айтам, парламентке элдин батасын алышкан, көпчүлүк катмар колдоп келген азаматтар гана депутат боло алышат. Жөндөн-жөн эч ким депутат боло калбайт. Ошондуктан, парламенттеги эл өкүлдөрүнүн ар кимисинин өздөрүнүн деңгээлинде мамлекеттин өсүшүнө кошуп жаткан кандайдыр бир салымдары бар. Мейли ал оппозицияда болобу же позицияда болгондугуна карабай. Туура, айрым убакта тажрыйбасы аз депутаттар парламентке келип калышууда. Муну мен өзүбүз тандап алган партиялык системадагы мүчүлүштүктөр менен байланыштырат элем. Мына ошол партиялык жолдогу мүчүлүштүктөрдүн, партиялык куруу жакшы өнүкпөгөндүгүнүн себебинен кемчиликтерге жол берилүүдө. Ачык айтканда, Кыргызстанда чыныгы партиялык идеясы бар эч бир партия жок.

— Атамбаев президенттиктен кеткени негедир парламенттин тарай турганы боюнча кызуу сөздөр чыгууда. Жаңы эл өкүлү болгон сизге парламенттин иштеп турушу эле жакшы деңизчи. Бирок, бул парламенттин мөөнөтүнө жетпей тарай турганы боюнча кептердин чыгышы жөн эмес го ээ?

— Азыркы чакырылыштагы парламентти тараткандан эч кимге пайда келбейт. “Азыркы парламенттин курамын таратып, кайра шайлоо өткөрөбүз” дешсе, бул чоң катачылык болот. Эгерде эл өкүлдөрүн таратып, жаңы шайлоо жарыяланса, биз ансыз да араң жан абалындагы экономикабызды артка тарткан болобуз. Кайра-кайра шайлоо өткөргөнгө мамлекеттик казынадан оңбогондой каражат кетип, элдин арасында бөлүнүп-жарылуу орун алат. Эң аз дегенде шайлоо мыйзамында каралгандай эки ай тынч эмес кырдаал өкүм сүрөт. Андан көрө азыркы парламентти жакшылап иштетип, фракциялар менен өкмөт тыгыз алкакта иштеши зарыл. Жакшы иштеп кеткенге өкмөттө да, парламентте да толук шанс бар. Эгерде бул парламент өкмөттү иштетпей, түрдүү оюндар менен алектенип жатышса, анда таркатууга негиз болмок эле. Андыктан, азырынча мен парламентти таратуунун негизин көрбөйм турам.

— Ыраматылык Медет Садыркулов устатыңыз болгону, кезегинде ал киши сиздин карьераңыз үчүн “жашыл жарык” күйгүзүп бергени ыраспы? Садыркулов менен соңку ирет качан жолугуп, качан сүйлөшкөнүңүздү эстей аласызбы?

— Ыраматылык, бейиши болгур Медет Садыркулов мени саясатка аралаштырып, жолумду ачканга көмөгүн тийгизген түздөн-түз тарбиячым, турмуштагы насаатчым десем болот. Ал менин идеялым, турмуштагы, саясаттагы саяпкерим болду. Мен Медет Чоканович менен 1996-жылы Ош облустук салык кызматынын башчысы кезимде таанышып калдым. Анда ал киши республикалык салык кызматынын башчысы болуп иштеп турган. Медет Чоканович күчтүү, идиреги бар, көрөгөч кадрларды көтөрмөлөгөн жагынан уста эле. Дасыккан адис, күчтүү саясатчы болчу. Тарбиячым гана эмес, үй-бүлөлүк катышта да болчубуз. Бүгүн да ал кишинин үй-бүлөсү менен жакын алакада жакшылык, турмуштун ар кандай оош-кыйыштарында катташып турабыз. Медет Садыркулов бир эле мени эмес, бүгүнкү күндөгү мамлекетти башкарып жаткан көптөгөн чиновниктерди тарбиялап, өстүргөн таланттуу жетекчи болчу. Анын шакирттери азыр деле мамлекетти башкарышууда. Садыркуловдун бир кездеги эң жаш, акыркы шакирттери азыркы өкмөт башчы Сапар Исаков, мурдагы 1-вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов баштаган көптөгөн чиновниктер, парламент депутаттары бар. Ошолордун арасынан мени да Садыркулов тарбиялап, жакын шакирти катары алып жүрдү. Аскар Акаевдин учурунда Медет Чоканович президенттик администрацияны жетектегенде, мени өзүнө орун басар кылып алган. Кыргыз элине, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө өзүнүн эбегейсиз салымы бар. Саясаттагы устатым менен соңку ирет ал бул жалгандан узаардан бир күн мурда телефондон сүйлөштүк. Экөөбүздүн ал сүйлөшүүлөрүбүз тууралуу кезегинде ар кандай талкуулар болгон, тергөөгө да айтып бергем. Медет Чоканович Кыргызстандан Казакстанга өтүп жатканда биздин мамлекеттик чек ара кызматкерлери ал кишини токтотуп, машинасын текшерип жаткандыгын мага чалып айтып, “бийлик эмнеге мени минтип жатканын билесиңби?” деген эле. Ал ошол эле күнү кечинде келмек. Бирок, ошол боюнча биз жолукпай калдык…

Автор: Калыгул Бейшекеев

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: