Президенттик шайлоодо Сооронбай Шариповичтин республикалык шайлоо штабын жетектеген тили буруу Фарид Ниязов деген экс-президенттин көздөй кадры бар. Атамбаевдин ишенимдүү адамдарынын бири катары эсептелген. Бул ноён азыркы президенттин шайлоодо жеңишке жетүүсүнө “өзгөчө” салым кошконсуп, бүгүнкү күндө президенттик аппараттын жетекчиси катары иштеп жаткан кези. Сооронбай Шарипович өзүнүн туруктуу командасын түзүп, өз алдынча чечкиндүү саясатын жүргүзүшү үчүн убакыт талап кылынары шексиз. Убакыт өткөн сайын Соке тамыр жайып, күчтөнө баштайт эмеспи. Күчүнө толгон кезде “чык эшикке” деп кимдир бирөөнү командасы менен айдап чыкканга кудурети да жетип калат. Аны Кыргызстандын эли ажо кылып шайлады. Демек, элдин ишенимин актаганы оң. Антпесе, Фаридге окшогон “илешмелер” аны жөн иштетпейт. Буга окшогондордун залакасы тийип, бүтүндөй өлкөнү толугу менен саясий кризис каптайт.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ