Menu

Төрага Д.Жумабеков: “Өлкөдөгү мыйзамсыз көрүнүштөр укук коргоо жана сот органдарында жүргүзүлгөн реформалардын максатына жетпей калгандыгын айгинелейт”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков “Ала-Арча-1” Мамлекеттик резиденциясында өткөрүлгөн Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышты. Кеңеш мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндөгү” маселелерди талкуулашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында кызматына жана статусуна карабай паракорлор менен күрөшө тургандыгын билдирип, укугу бузулган жарандарга жардам берерин убада кылды.

Ал эми Жогорку Кеңеш Төрагасы Дастанбек Жумабеков өлкөдөгү коомчулукту нааразы кылган көрүнүштөргө токтолуп: “Бүгүнкү күндө түзүлгөн криминалдык кырдаал, өлкөдөгү кылмыштуулуктун туруктуу деңгээли, укук коргоо органдарындагы кадрдык башаламандыктар, айрым укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин коомчулукта, жалпыга маалымдоо каражаттарында чоӊ талкуу жараткан мыйзамсыз аракеттери, ар кандай деструктивдүү күчтөр менен байланышкан фактылары укук коргоо, сот органдарынын тутумун реформалоо өз максатына жетпей калгандыгын айгинелейт”, – деди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: