Menu

Көлбаевдин кримтобунун активдүү мүчөсү “Алтуха” акталабы?

Бөлүшүү:

“Алтуха” аттуу каймана аты бар Алтынбек Ибраимов деген кримдүйнөдөгү бирөө бар. Көлбаевдин кримтобунун активдүү мүчөсү. Буга чейин да бир топ кылмыш кылып, кыл жип менен бууп, жаза алып чыккан жайы бар. Акыркысында Бишкектеги №1 СИЗОдо камакта болуп, олтурган жайды өз карамагына алып, “смотря­щий” деген наам алган. Мына ушул “Алтуханын” талап-тоноочулук иштери тууралуу бир нече ирет оперативдүү маалымат УККККга келип түшөт. Ал Турабахунов жана Матниязов деген жарандардан 80 миң доллар талап кылып, алар акчаны бербегенден кийин үч белгисиз жан- жөөкөрлөрү менен Матниязовдун артынан аңдып барып, подъездинен кармап алышат. Шаардын сыртына алып чыгышып, байкуш Матниязовго көрбөгөн кордукту көргөзүп, сол бутун сындырып, анын шериги Турабахуновго тиешелүү болгон, Гончарная көчөсүндөгү №59 үйдү нотариус аркылуу сатуу-сатып алуу келишими менен өздөрүнө каттатып алууга жетишет. Бул иш боюнча 2015-жылы 16-апрелде иш козголуп, Ибраи­мов УККККнын кызматкерлери тарабынан кармалып, жанынан афган гашиши табылып камакка алынат. Бишкек шаардык ИИБнин тергөөчүлөрү ишти кароого Свердлов райондук сотуна өткөрүп беришет. Кызыктын баары мына ушул райондук соттон башталат. Ишти карап жаткан судья Турдукожоев буга чейин козголгон (125-статья 1-2-бөлүк, 170-статья 2-бөлүк, 2- пункт, З-бөлүк, 3-4-пункт) бир топ беренелерди эске албай, 246-статьянын 3-бөлүгү боюнча эле күнөөлүү деп таап, СИ­ЗОдо олтурган күндөрүн эске алып, 4 жылга эркинен ажыратат. Катаал шартта олтурган күндөрүнүн бир күнүн үч күнгө 16-апрель 2015-жылдан алып эсептеп, сот залынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алат. Иш­ти андан кийин шаардык сот карап, судья Момуналиев жогорудагы беренелер боюнча Ибраимовду күнөөлүү деп таап, 11 жылга катаал шарттагы түзөтүү колониясына жазасын өтөөгө жиберилет. Бул инстанциядан да жогорудагы СИЗОдогу олтурган күндөрү эске алынат. Азыркы тапта Ибраимовдун иши Жогорку сотто каралууда. Иштин тагдыры мындан ары кандай багытта болоору сот акелердин колунда эмеспи. Экс-министр Турганбаев айткандай, ИИМ кармап келген кылмышкерлерди соттор бошотуп жиберишет. УКТнын мүчөлөрү соттор үчүн укмуш акча табуунун булагы дегендей, Ибраимов да сот­тордун алаканын ысытып, ишти ка­рап жаткан судьялардын капчыгын кампайтып койсо, сот акелер актап жибериши деле мүмкүн. Азыркы соттордон баарын күтүүгө болот.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: