Сандардын адам жашоосундагы мааниси?
– Адам баласын сандар коштоп жүрөт. Сандардын адам жашоосунда мааниси чоң. Мисалы 3 саны аалам, адам, жер же болбосо pyx, дене, жан, 7 саны 7 кабат асман, 7 кабат жер, 7 түс, 7 нота, адамдын денеси да 7 катмардан турат. 9 саны бул акылмандык, себеби сан 1 ден башталып 9 менен бүтөт, 1 ден баштап 9 га жеткенче тажрыйба топтолот. 9 токоч баабедин сүйүнүч болгондо жасалат. 12 саны 12 ай,12 саат бул бир циклдин бүтүшү,12 жыл бир мүчөл. 40 саны өлгөн адамдын 4 – денесинен, башкача айтканда материалдык дүйнө менен байланышкан акыркы денесинен чыгат. Ошондуктан өлгөн адамдын кыркылыгы өтөт. Бала төрөлгөндө кыркын чыгаруу тескерисинче жан материалдык дүйнөгө калыптанат, ошондуктан баланын кыркы чыкмайынча бөлөк адамга көрсөтпөйт, себеби энергиясы алсыз.
Гүлмира ШАРШЕЕВА
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ