Жогорку Кеңештин бюджет комитети бир топ маселени чечип, абройлуу делген орун эмеспи. Мына ошону кезинде Аскар Шадиев жетектеп турганда каражаттардын бөлүштүрүлүшү, көзөмөлү, ага тиешелүү мыйзамдардын иштелиши дегендер ымтырап эле бир орунда тура берчү эле. Аталган комитетке ЖоКе депутаты Таабалды Тиллаев жетекчи болгондон бери кадыресе жылыш бар. Ырасында Таабалды мырза мурунку жетекчи Аскар Шадиевге салыштырмалуу бир топ кыйын жигит экен. Чече турган маселелерди жеринде чечип, баардыгын жайгарууда. Талаш туудурган мыйзамдар кайра иштелип, чалажери иргелүүдө. Айтор иштесе болот экен да. Бул комитетке Тиллаевди жетекчи кылууну ким таап алса да мыкты тандоо болуптур. Таабалды мырза аталган комитетти чырмалышкан коррупциянын былгып жаткан сазынан сууруп кетээрине ишеним күч.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ