Menu

Лола Каримова-Тилляева: Гимнастика федерациясынын президенттигинен кетүүгө аргасызмын

Бөлүшүү:

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кенже кызы Лола Каримова-Тилляева 5-мартта Гиманастика федерациясынын президенттигинен кетүүгө аргасыз болгонун билдирди.

«…13 жылдан кийин Өзбекстан Гимнастика федерациясынан кетүүгө аргасыз болдум. Спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө салым кошкон бардык спортчуларга, машыктыруучуларга жана жумушчуларга ыраазычылыгымды билдирем!», – деп жазды ал Instagram баракчасына.

Мындан тышкары Тилляева Азия гимнастика бирикмесинин ардактуу президенти наамын сактап калганын белгиледи. Каримова бул кызматтан кетүүгө эмне себеп болгонун айткан жок.

2-февралда Лола Каримова-Тилляева Өзбекстандын ЮНЕСКОдогу элчилигинен дагы кеткенин жазган болчу. Ал бул кызматка 2008-жылы дайындалган.

Каримовдун кенже кызы ЮНЕСКОдон кете турганын биринчи жолу былтыр августта жарыялаган. 39 жаштагы Лола Каримова-Тилляева убактысынын көбүн Ислам Каримов фондундагы иштер үчүн жумшай турганын айткан. Ал учурда “ Сен жалгыз эмессиң” балдар фондунда гуманитардык ишин улантууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: