Menu

Бирөөлөрдүн өзүм билемдигинен биз АКШнын каарына калабызбы?

Бөлүшүү:

Өткөн жылдын жаз айларында биздин атайын кызмат АКШ элчилигинде коопсуздук кызматында иштеген жергиликтүү эки адамды кармаган. Азыр ошол эки жарандын соту жабык эшик артында өтүп жатат. Аларга “чыккынчылык жана башаламандык уюштурууга даярданган” деген айып тагылып жатыптыр. Коопсуздук кызматында иштеген кызматкерлери сот жообуна тартылып жатканына Вашингтон чыдабастан, биздин бийликке улам-улам кайрылат. Бирок анысынан майнап чыга элек экен. АКШнын биздеги элчиси дайындала элек болгондуктан, элчинин кеңешчиси же анын орун басары жеке өзү эки кызматкеринин сотуна катышыптыр. Сапар Исаковго кабыл алуусун өтүнсө, 6 айдан бери кабыл албай жатыптыр. Биздин АКШдагы элчибиз Кадыр Токтогулов болсо бул жакка телефон чалгандан башкага жарабайт экен. Кызыгы кармалган эки жаран кызматкер өзүбүздүн эле жарандарыбыз болуп жатпайбы. Алар элчиликтин коопсуздук кызматын аркалагандан кийин кокус бир нерсе болуп кетсе, элчиликте иштеген адамдарды коопсуз жайга алып чыгууга милдеттүү. Алар өздөрүнүн милдетин аткарып, маалымат чогултса, биздикилер башаламандык уюштурууга даярданып жатат деп шекшиген. Түркияда дагы ушундай болуп АКШнын элчилигинде иштеген 2 түрк жараны кармалган. Аларды түрк бийлиги бошотпогон соң, АКШ түрктөргө толук түрдө визасын жаап салып, экономикалык санкция киргизген. Азыр ошол окуя бизде катталганы жатат дешүүдө. Эгер биздин бийлик АКШнын кайрылуусун кабыл албаса, бизге визаны толук жаап, экономикалык санкцияларды акырындык менен киргизип, Дүйнөлүк банк, МВФ баштаган каржы институттарына да грант, карыз берүүнү токтоттура турган чекке жетет экен. Эми биз бирөөлөрдүн өзүм билемдигинен АКШнын каарына калабызбы?

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: