Menu

Астана өкмөттү 520 млн. доллар төлөтүү тууралуу АКШ сотунун чечими боюнча даттанат

Бөлүшүү:

Астана өлкөнү молдовалык ишкер Анатол Статиге 520 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген арбитраждык чечим боюнча Казакстандын жүйөлөрүн кароодон баш тарткан АКШ сотунун чечимине даттанат.

Казакстан жалпысынан төрт миллиард доллардан ашык суммага доо арыз жазган молдовалык инвестор Анатол Стати жана анын көзөмөлүндөгү Ascom Group Terra жана Raf Trans Trading компаниялары менен соттошууда. 2013-жылы декабрда Стокгольмдогу арбитраждык трибунал Астананы компенсация катары Статиге 500 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган.

Казакстан бул сумманы төлөөдөн баш тартып, ишкер менен анын эки компаниясына каршы Вашингтон округдук сотуна доо арыз берген.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, АКШнын округдук соту Анатол Статинин кайрылуусу боюнча «арбитраждык чечимди мажбурлап аткартуу тууралуу» 23-мартта өкүм чыгарды. «АКШнын округдук соту Казакстанга өзүн коргоп, алдамчылыктар тууралуу өз жүйөлөрүн келтирүүгө мүмкүндүк берген жок. Казакстан бул чечим боюнча даттанат», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Казакстандын мунайгаз тармагына инвестиция салган Стати казак бийлигинин аны инвестициялардан кол жуудуруу аракетинин курмандыгы болгонун билдирүүдө. Астана бул айыптоолорду четке кагып келет.

Бул ишке байланыштуу өткөн жыл соңунда Казакстандын Улуттук фондуна таандык 22 миллиарддан ашык доллар тоңдурулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: