Menu

Беш-Арал жаратылыш коругу 2016-жылы ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесине кирген

Бөлүшүү:

«Беш-Арал» Кыргыз мамлекети тарабынан өзгөчө коргоого алынган жаратылыш коругу жана ал 2016-жылы ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесине кирген. Wikipedia маалыматында бул корук 1979-жылы Чаткал өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө уюшулуп, мындай чечимдин кабыл алынышына Өзбек ССРинин малчылары Чаткал өрөөнүндө малды кеңири жайып, жайыттардын, анын ичинде баалуу субальптык, альптык өсүмдүктөрдүн тобунун, тоолуу шалбаалардын бузулушу себеп болгондугу айтылат. Коруктун жалпы аянты 107801,3 миӊ га.

Ал эми ошол учурда мамлекеттик кызматта иштеп, азыр ардагер болуп олтурган аксакалдардын эскерүүлөрүндө жана буга күбө болушкан чаткалдыктардын айтымында, алгач Кыргызстанга тиешелүү аймакта «Чаткал» коругун уюштуруп, анан «бул корук өзгөчө коргоого алынган» деген шылтоо менен бүтүндөй Чаткал өрөөнүнө ээлик кылуу жылма саясатын жүргүзгөн Өзбек ССРи менен күрөш курч мүнөздө болгон.

Ошол жылдары Ош обкомунун биринчи катчысы болуп иштеген Султан Ибраимов, Ала-Бука районунун биринчи катчысы Абдибаит Тажибаев бүтүндөй өрөөндү тарттырып жибербөө үчүн алгач механизациялаштырылган Чаткал токой чарбасын түзүп, андан кийин анын курамынан «Беш-Арал» мамлекеттик жаратылыш коругун өзүнчө бөлүп уюштурушуп Өзбек ССРинин жылма чегара саясатын токтотушкан. Бирок, Социалисттик Эмгектин эки жолку баатыры, КПСС БКнын Саясий бюросунун мүчөсү, Өзбек ССРинин биринчи катчысы Шараф Рашидов Чаткалга көз артканын токтотпой, бул маселени Москва аркылуу чечүү аракетин баштайт. Ошондо Кыргыз ССРнин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев Чаткал өрөөнүн күн батышынан күн чыгышын Таласка чейин атчан аралап чыгып, СССРдин Борбордук Комитетинин трибунасында Чаткалды коргоп калганы өзүнчө тарыхый окуя десек болот.

Мына ушул кечээки эле тарыхты көзгө илбеген аткаминерлерибиз былтыр «Беш-Арал» мамлекеттик жаратылыш коругуна колунда эч кандай уруксат кагазы жок «Мурас-Синтез» ЖчККсын киргизип жиберишкен. Бул ишкана кимдин мурасы экени азырынча белгисиз, бирок анын максаты — ​коруктун өзөк зонасындагы Найза участогуна жол салып, жер астындагы алтын кенин алуу экендиги айдан ачык.

«Беш-Арал» мамлекеттик жаратылыш коругу түздөн-түз баш ийген КРнын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги эмне үчүн «коруктан колуңду тарт!» дебей олтурат?..

Баса, 2017-жылы «коруктагы эски жолду гана оңдоп-түзөп жатат» деген «Мурас-Синтез» иш жүзүндө 5 км жаңы жол салган. Ал эми техникаларын кар түшкөндө Чаткалга калтырып кеткен бул ишкана жаз алды менен дагы жаңы техникаларды толуктап, жол куруу ишине камынып жатат деген маалымат бар.

Булак: Жаны Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: