Бүгүн, 18-апрелде “Бишкек ТЭЦин модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруу иштериндеги коррупция фактылары боюнча (Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүкчөсү) козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү катары “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коомунун экс-төрагасы Айбек Калиев кармалды. Бул тууралу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Азыркы учурда Айбек Калиев КР УКМКнын убактылуу абагына олтургузулду. Тергөө улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ