Menu

Трамп шайлоо иликтөөсү боюнча Юстиция министрлигине расмий кайрылат

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп шайлоо кампаниясына сырттан кийлигишүү болгон деген ишти аягына чыгаруу ниетинде экенин жарыялады.

Жекшемби күнү Твиттерде жарыялаган билдирүүсүндө Трамп мурдагы администрация анын шайлоо алындагы кампаниясына жолтоо болуу боюнча буйрук берген-бербегенин аныктагысы келерин жазган.

АКШ президенти тарабынан расмий суроо Кошмо Штаттардын Юстиция министрлигине бүгүн, 21 майда жөнөтүлөт. Мурдараак америкалык басылмалар Трамптын шайлоо штабынын кызматкерлери менен жолугушуп турган ФБРдин атайын кишиси болгонун жазышкан.

Учурда айтайын прокурор Роберт Мюллер 2016-жылдагы президенттик шайлоодо Орусиянын ыктымал кийлигишүүсүн иликтөөдө. АКШ Юстиция министрлиги аны бул кызматка бир жыл мурун дайындаган.

Мюллер Кремль менен Трамптын тарапташтарынын ортосунда кутум болгонбу, Трамп мыйзамсыз жол менен иликтөөгө бут тосууга аракет жасаганбы деген суроолорго жооп издөөдө.

Булак:  Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: