Menu

Жыргалбек Турускулов: Коррупция болгондо эле баса калбай, алдын ала иштерин жүргүзөлү

Бөлүшүү:

-Жыргалбек Күрүчбекович, ӨКМ вертолетторду өз баасынан кымбатка сатып алмакчы болуп жатканын айттыңыз. Бул каяктан алынган маалымат?

– Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы ЖМКларга министрлик эки вертолет сатып алмакчы экендиги, алардын ар бири 10 млн. доллар турары жөнүндө маалымат берген. Мен кызыгып карап көрсөм, андай маркадагы вертолеттер 1 млн. 300 миң доллардын эле тегерегинде экен. Булар он эсе кымбатка алмакчы болуп атышат. Ошон үчүн мен башкы прокурорго кайрылдым. Муну токтотуш керек. Эгер баасын атайылап жогорулатып жатышкан болсо, кайра эле коррупцияга айланып, кайра эле ызы-чуу башталат. Биз коррупциялык элементтер болгондон кийин гана баса калып жатпайбызбы. Негизи, алдын алуу иштерин да жүргүзүү керек.

– Сиз айткан вертолет бир эле мисал. Баардык сатып алууларда ушундай көрүнүштөр болуп жаткандай?

– Туура. ТЭЦте он-он беш эсе кымбат бааларды коюшкан. Тарых музейи боюнча да бир топ фактылар чыгууда. Буга бөгөт коюш керек. Анын бир гана жолу- катуу чараларды көрүп, келтирилген зыянды кайра өндүрүү зарыл. Ошондо бул башкаларга сабак болот, мыйзам бузуулар токтомок.

– Чара көрүүдөн мурда да «баа мындай суммадан ашпашы керек» деген чек болуш керек го?

– Ал жагы тендер өткөндө каралат да. Бул жерде тендер жөнүндөгү мыйзамды да карап чыгыш керек. Эң арзанын алыш керек, болбосо эртең иш козголот деп сапаты начарын алып коюп жатышпайбы. Бул дагы туура эмес. Сапатсызын алса көп өтпөй керектен чыгат. Кайра алганда баасы эки эсе кымбат болуп кетет. Ошон үчүн өкмөт бул боюнча ойлонуп, жол-жобосун таап, эсептеп чыгышы зарыл.

Керим Мурас

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: