«Мыйзамдагы ууру» Мурсалим Умырзаков крим чөйрөдөгү макамынан баш тартуу жөнүндөгү катка кол койгондугу тууралуу тасма интернетке жарыяланды.
М.Умырзаковго эгер ал кагазга кол койсо мындан ары укук коргоо кызматкерлерине «кызыксыз» болорун, жөн гана жаран катары караларын түшүндүрүшкөн. Жыйынтыгында М.Умырзаков катка кол коюп берген. Бул тасма өткөн жылдын 10-январында тартылган. “Карышкыр” 1975-жылы 6-майда Ысык-Көлдүн Сары-Тологой айылында туулган. «Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү экени белгилүү. Ал мындан 3 жыл мурун Бишкектен Москвага учуп кеткен.
Булак: “Багыт“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ