Menu

Максат Мамытканов: Шадиевди кармап келүүгө аткаминерлерди муктаж кылуу зарыл

Бөлүшүү:

-Президенттин жемкорлук менен күрөшүү ураанына акырындап көңүл кайт болуп баратат. Укуругу узун деген УКМК Аскарбек Шадиевдин бейкапар чек араны бузуп качып кетишине чара көрө алган жок го?

– Жемкорлук менен күрөшүү боюнча президенттин демилгесин толук колдоого алам. Азыр күрөштүн жүрүшү боюнча баа берүү абдан эрте. Араң эле арадан эки ай өттү. Күз айларынан тарта коррупция менен болгон күрөшкө баа берсек болот. Азыр козголгон иштер алты айлык мөөнөт менен иш тергелип бүткөндөн кийин ошол иштердин сотко өтүүсү болобу, кандайдыр бир жагдайлар менен иликтөөлөрдө улантуулар болобу, созулабы, же качырып жиберишеби – мезгил өзү көрсөтөт.

– Шадиевдин качып кетишине кимди күнөөлөйбүз?

– Шадиевдин качышына жол бергендердин, шалаакылык кылгандардын баары жоопко тартылышы зарыл. Шадиевди кармап келүүгө биздин аткаминерлерди муктаж кылышыбыз керек. «Ошол ишти жасагыла» деп жарга такашыбыз шарт. Биз мамлекетпиз. Дүйнөлүк БУУнун мүчөсүбүз. Эл аралык кылмыштарды жазалоо боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясына кол койгонбуз. Ошого таянып туруп БУУда, Америкада жүргөн элчилерибизди иштетишибиз учур талабы. Жөн эле айлык алып отура бербей, «Шадиевди кармап келгиле» деген буйрук менен талап болсун. Ошол жакта жүргөндөр жок дегенде алган айлыктарын актасын. Америкага барып, «бизге бергиле, бул ууру» деп кайра Кыргызстанга алып келүүнүн баардык амалын колдонуп жанталашуу зарыл. Аны тергөөгө чакырышты, тергөөчү өз ишин жасады. Бирок, аны камоого депутаттын кол тийбестиги мүмкүнчүлүк берген жок. Буга ишенип, бийликтин бир бутагында отурган, элдин ишенимине сиңген деп тергөөчүлөр чыгарып койду. Бирок, буга кимдир бирөө жооп берүүсү керек да. Биздин укук коргоо органдарынын шалаакылыгы терс көрүнүштү жаратып, ишенимди кетирди. Ал Америкадан «мени куугунтукка алып жатышат» деп башпаанек сураса эле, алар өз кызыкчылыктарын көздөп, башпаанек бере коюшат. АКШнын борбордук чалгындоо башкармалыгы Кыргызстандагы коррупциялык схеманы билип алуу үчүн деле Шадиевге жардам көрсөтүүлөрү мүмкүн. Бирок, ал биздин өлкөдөгү болгон-толгон сырды айтып берип, алар үчүн иштеп берет. Билгендерге бул сабак болду. Ушундай жемкорлордон тазаланышыбыз керек. Мамлекеттик структураларга таза адамдарды алып келүүнү үйрөнбөсөк, мындайлардын далайын көрүп, дүйнө жүзүнө шерменде болгонубуз улана берет.

– Кытайларга жерибиз өтүп кетип жатат. Сооронбай Жээнбеков Кытайга болгон сапарында ошол документти көтөрүп барабы?

– Биздин жерлерди эч ким Кытайга мындай эле берип коё албайт. Ал мыйзамдын чегинде жасалат. Администрация өкүлү «биз ал жерди убактылуу колдонууга бергенбиз» деп жатат. Жер биздин өлкөнүкү бойдон эле калат. Бирок колдонуучулар кытайлар болуп калат. Келишимдерге кандай убакыттар коюлганын өкмөт кеңири түшүндүрүп бериши керек. ММК өкүлдөрү маалыматты туура жайылтуусу зарыл. Эртең кытайларга кереги жок болуп калса, мөөнөттөрү кыскартылышы мүмкүн. Кытайларга жер берип коюу маселеси тышкы карыздар төлөнбөй калганда көтөрүлүшү мүмкүн.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: