Menu

Чудиновдун “чудосу” аяктады

Бөлүшүү:

Бизде Игорь Чудинов деген депутат бар. Депутаттык мандатты тагынганына эки жарым жыл болсо да жарытылуу эки ооз сөз айта элек. Коррупция менен күрөшүү катуу жүрөт дегенден бери эле, күрөш Чудиновдон кыйгап өтүп келаткан. Чудинов тууралуу көп сөз болгонуна карабай, анын кылы кыйшайбай жатканына караганда “чудосу” күчтүү го деген ойлор жаралган болчу. Кечээ БШК ушул “чудосу” күчтүү болгон Чудиновду мандатынан ажыратып, депутаттык күбөлүгү жараксыз деп тапты. Ага шаардык сот 5 млн сом айып пул салганы негиз болуп берди. Бул Чудиновдун чуулгандуу иштерге аралашкан бир гана окуясы боюнча. Ал мындан сырткары Өкмөт башчысы болуп турган кезде азыркы партиялаш кесиптеши экөө жүз миллиондогон акчага асыл тукум мал чарбачылыгын уюштуруу үчүн акча бөлдүрүп алып, өз убактысында акчаны мамлекетке төлөбөй жүргөнү үчүн да жооп береби?

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: