Menu

ЖК аппарат башчысы Самат Ибраев президентке шек келтирдиби?

Бөлүшүү:

КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун 90 жылдык мааракеси белгиленди. Тойду академик А.Акматалиев өзү башкарып, куттуктоолор, белектер, Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык, концерт…

Айтор, баары-баары жакшы болду. Тойдун эртеси да болду. «Ким эмне кошту, ким эмне алып келди?» деген эле күбүр-шыбыр. Президенттин кеңешчиси Султан Раев картина көтөрүп келиптир. Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Самат Ибраев төрага Дастан Жумабековдун атынан мааракени куттуктап, 90 миң сом жана кол сааттарды илимпоздорго белек кылды. Өкмөт жана анын алдындагы мамлекеттик тил интеллектуалдык менчик комитеттери, маданият минисгрлиги институттун кызматкерлерине грамоталарын, төш белгилерин тартуулашып, окумуштууларды сыйлыкка бир сыйра кызыл жабар кылышты. «Султан Раев картина алып келиптир» дегенге эч ким ишенбей, «президент кантип эле ошондой кылсын? 90 жылдык болуп жатса 9 миллион сом бербесе да миллион сом бергендир» дешип ишенишкен жок. «Тоодой-таштай болгон Султан палван эмес, элеттеги Жалал-Абад университети деле тойго картина белек кылышпадыбы» дешти.

КР профсоюз комитетинин өкүлү Асылбек Токтогулов окумуштуулардын майрамы менен куттуктап, мааракенин шарданы менен илимпоздордун эмгек акысын көтөрүү маселесин кабыргасынан койду. «Кызмат колдун кири, силердин маянаңарды көтөрүп, жашоо шартыңарды оңдогонго мамлекет милдеттүү» деген сөзү дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду. Ушул сөз илимпоздордун маанайын көтөрдү. Ал эми президенттин кеңешчиси С.Раев картина алып келдиби же миллион сом кошумча бердиби, ал жагын өзү айтып берээр. Эгерде илимдин каймактарына ушундай мамиле кыла берсек, келечек муундун үмүтүнө суу сеппейбизби?..

Сакен Бөрүбаев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: