Menu

Канышай Мамыркулова, журналист: Баш прокуратура Бишкектеги мыйзамсыз иштери үчүн кылмыш ишин козгогон Азиз Суракматовду кантип Бишкектин мэрлигине түртүп жатасыздар?

Бөлүшүү:

Белгилүү журналист жана активист Канышай Мамыркулова КР президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасап, акыркы күндөрдөгү эки резонанстуу окуялар – бажычы Райымбек Матраимовду кызматына кайра дайындоо боюнча соттун чечимине жана Баш прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэрлигине жулунуп жаткандыгы боюнча өз пикирин билдирген. Биз кайрылууну кыскартып жарыяладык:

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Бишкек шаары Сиз менен биздики, шаардыктардыкы, тактап айтканда, кыргызстандыктардыкы болуп эсептелет. Ошондуктан шаардын тагдырына, анын жетекчилигине кандай адам келиши керектиги тууралуу маселеге кайдыгер караганыбыз туура эмес. Буга чейин КСДП тарабынан кызматка келген Албек Ибраимовдун мисалы бизге чоӊ сабак болушу керек. Шаар башчылыгына коррупцияга малынбаган, чарбачыл, иштин көзүн таба билген адамдын келишине бардыгыбыз кызыкдарбыз. Тилекке каршы, бул маселе бир нече күндөн бери саясый оюнга айланып кетти. Бизге жеткен маалыматтарга караганда сиз шаар башчылыгына талапкер болууга ниеттенген жарандардын бардыгына маселенин шаардык депутаттар менен чечилиши керектигин белгилеген экенсиз. Бирок, айрым саясатчылар шаардык кеӊештин мэрлигине талапкер Азиз Суракматовго байланыштуу сиз тараптан оӊ жооп болгондугун белгилеп «жеӊ ичинен» шаардык кеӊештин депутаттарына басым жасап жаткандыгы белгилүү. Бирок, алардын бири Иса Өмүркулов «Говори ТВ» маалымат сайты аркылуу учурда четте экендигин, бул маселеге тиешеси жоктугун маалымдады. Ошол эле мезгилде анын шаар депутаттары менен жолугушканы тастыкталган маалымат. Ал эми такталбаган маалыматтарга караганда шаардык депутаттардын айрымдарына тиешелүү кылмыш ишин козготуу сыяктуу аракеттер менен дагы коркутуп, басым жасоолор болуп жаткандыгы айтылууда.
Ушул эле аралыкта Азиз Суракматов менен ЖКнын депутаты Азамат Арапбаевге таандык Ак үйдүн батыш тарабындагы мыйзамсыз курулуп жаткан имараттын курулушуна Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгону менен учурда курулуш уланып жаткандыгын «Фабула» гезити баш болгон бир катар ЖМКлар жазып чыгышты. Бирок, Өткүрбек Жамшитов башында турган Башкы прокуратура тармагы бул тууралуу ооз ачкан жери жок. Бул бир гана мисал. Ал эми кечээ социалдык түйүндөгү талкуулардан улам шаардык кеӊештин депутаттарынын чайлашуу аракеттери үзгүлтүккө учураганы менен алардын айрымдары ич ара жолугуп, кыскасы, бул маселе жеӊ ичинен бүткөрүлүүдө. Мына ушундай жол менен ансыз дагы элдин ишенимине суу сепкен КСДП партиясы кайрадан эски ыкма менен өз адамдарын алып келүүгө күч жумшоодо. Мунун өзү кылмыш иши козголгон Албек Ибраимовдун ордуна кайра эле жети баштуу ажыдаарды алып келүү аракети жүрүп жаткандай таасир калтырат. Жети баштуу ажыдаарга кимдер кире тургандыгын өздөрү жана карапайым калк жакшы билет. Буга кандай карайсыз же сизге бул аракеттердин бардыгы белгилүүбү? Ушундай артында таза эмес иштери бар адамды борбор калаанын башчылыгына, болгондо дагы Сиздин атыӊызды пайдалануу менен алып келүү аракетин көрүп жаткан топко кандай жооп бересиз? Эгерде Сиз макулдугуӊузду берген болсоӊуз элдин ишеничин жоготуп албайсызбы? Айтор, суроо көп.
Урматтуу Сооронбай Шарипович, менин бул маселеге «жармашып» алганымдын себеби, ЖМК өкүлү болуу менен катар шаардын тургунумун. Бир жагынан социалдык тармактардагы маалыматтарды жокко чыгаруу аракетин көргөндөргө кыргызстандыктардын жашоосу оюнчуктай болуп калгандыгы белгилүү. Ошондуктан Кыргызстандын президенти катары карапайым калктын алдында бул маселеге олуттуу көӊүл бөлүп, тиешелүү жыйынтык чыгарат деген ишенимдемин. Коомчулукту түйшөлдүргөн маселе боюнча ачык жооп берет деген ойдомун.

Сизди тереӊ урматтоо менен журналист Канышай Мамыркулова…

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: