Menu

“Салтанат Саматовага куран окутам” деген шылуундар чыкты

Бөлүшүү:

Алпаруучу Эркин Рыскулбековдун айтымында, жакында эле сөөгү жерге берилген алпаруучу Салтанат Саматовага куран окутуу үчүн 1500 сомдон чогултуп жаткандар чыкты.

Мындай билдирүү ырчы Талас Амантуровго келген экен. Анда «1500 сомдон чогултуп, кыргыз драма театрында Саматовага куран окутабыз» деп жазылган. Мен театрга чалып тактасам, андай иш-чара болбойт экен. SMS жибергендерге чалсам албай жатат. Минтип маркумдун атын жамынып, акча табуу такыр туура эмес. Менимче, алар түрмөдө отуруп алып элди алдагандар болуш керек. Алардын кылтагына башкалар илинип калбасын деп социалды тармактарга бөлүштүм» деди Рыскулбеков.

Ал эми ырчы Талас Амантуров шылуундар телефонго бирдик салууну өтүнүшкөнүн айтты. «Билдирүү чоочун номерден келген. Кийин телефон чалып, «акча чогултуп жатабыз» деди. Азыр акчам жок экенин айтып, жарымын берип турайын десем, «ушул номерге бирдик салып койсоңор болот» деди. Ошондо шек санап, чыгармачыл инсандардын WhatsApp тайпасына бөлүштүм» дейт аткаруучу.

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: