Menu

Терешкованын кускусу келип, башы айланып…

Бөлүшүү:

Космонавт аялдардын биринчи отряды 1962-жылдын мартында түзүлгөн. Анын демилгечилери «эгер даярдык эле жакшы болсо, аялдар космостун ишин эркектердей эле аткара алат» деп болжошкон. Бирок, биринчи аял космоско учаар замат отрядды жоюп салышат. Мунун себеби эмнеде?

Биринчи аялдар отрядына талапкерлер минден ашык болчу. Бирок, алардын арасынан болгону бешөөнү: Валентина Понамареваны, Ирина Соловьеваны, Валентина Терешкованы, Татьяна Кузнецованы жана Жанна Еркинаны тандап алышат. Алар ар түрдүү кесипте иштеген кыздар эле. Мисалы, Терешкова жип ийрүүчү цехте иштечү.

Космоско учаар алдында кыздарга кара күч жагынан дагы, психологиялык жагынан дагы оор сыноолордон өтүүгө туура келген. Мисалы, ичи 70 градус ысык имаратта жайкы комбинезон кийип машыгуу керек эле. Тапшырманын оордугунан кыздардын кан басымы жогорулап, жүрөгүнүн соккону секундасына 130га чейин жетип кетчү. Бирок, ошого карабастан, кыздардын баары сыноодон ийгиликтүү өтүп, башкы конструктор Сергей Королевго сунуш кылынат.

Конструктор 26 жаштагы Валентина Терешкованы тандап алат.

Терешкова түшкөн «Восток-6» корабли Байконур космодромунан 1963-жылы 16-июнда старт алат. Биринчи аял-космонавт үч сутканын ичинде биринчиден, космос мейкиндигинин аял организмине тийгизген таасирин изилдеп, экинчиден, «Восток» тибиндеги кораблдердин башкаруу системасын жакшыртуу боюнча сунуш даярдап, үчүнчүдөн, Айдын жана Жердин үстүн сүрөткө тартууга тийиш болчу. Бирок, бул жолку учуу «чү» дегенде эле пландагыдай болбойт. Терешкованын жүрөгү айланып, кускусу келип, башы ооруп чыгат. Космонавттарды даярдоо менен шугулданган генерал Николай Каманиндин айтымында, Терешкова байланыштын акыркы сеансында Жерден барган чакырууларга жооп бербей калган. Бир жолу уктап калып, араң ойготушат.

Андан тышкары, «отурган жерим тар, шлем кысып атат, жүрөгүм айланып, ыңгайсыз жагдайда болуп атам» деп космостук кораблди кол менен башкаруу системасынын жардамында багыттоо боюнча инструкцияларды сактаган эмес. Бирок, ошого карабастан, Терешкова «Восток» корабли Жердин тегерегинде 48 жолу айланганга чейин чыдап, 19-июнда жерге келип конот.

Терешкова жерге кайтып келгенге чейинки үч күндө космостук борбордогулар аябай сарсанаа болуп, Королев «эми бир да катын космоско учпайт» деген имиш. Бул учурда дагы бир аялдар экипажынын 15 суткага учуусу пландаштырылып жаткан. Бирок, ал кечеңдетилип, артка жылдырылат. 1966-жылы Королев кайтыш болуп, дагы үч жылдан кийин аялдар командасына талапкерлерди алуу токтотулат. Мурдагы команда болсо жоюлат.

Экинчи аял-космонавт арадан 19 жыл өткөндөн кийин гана учту. 1982-жылы учкуч-сыноочу Светлана Савицкая космосто жети күн болуп келген.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: