Menu

Казакстанда банкир Татишевдин өлүмү тергелип бүттү

Бөлүшүү:

Казакстандын Башкы прокуратурасы «БТА банк» башкармалыгынын мурдагы төрагасы Ержан Татишевдин өлүмүн уюштуруу фактысы боюнча Мухтар Аблязовго карата сотко чейинки тергөө иштерин аяктады. Бул тууралуу маалымат өлкөнүн көзөмөл органынын сайтына 3-сентябрда жарыяланды.

Мекемеден билдиришкендей, быйыл 17-августта Аблязовдун иши Кылмыш кодексинин 28-беренесинин 3-бөлүмү (кылмышты жасаган же анын аткарылышын көзөмөлдөгөн адам жана кылмыштуу топту түзгөн адам уюштуруучу болуп эсептелет) менен 96-берененин 2-бөлүмүнө (топ болуп, алдын ала сөз байлашуу аркылуу жалданып опузалоо же бандитизм жолу менен адам өлтүрүү) өзгөртүлгөн.

«Башкы прокуратура Кылмыш-жазык кодексинин 294-беренесине ылайык, шектүү Аблязов менен анын коргоочусуна тергөө иштери аяктап, кылмыш иштин материалдары менен таанышуу башталганын кабарлоодо», — деп билдиришти мекемеден.

Кылмыш иштин материалдары менен таанышуу быйыл 5-сентябрда Башкы прокуратуранын Алматы шаарындагы өкүлчүлүгүнүн имаратында болот.

Татишев 2004-жылы өлтүрүлгөн. Алгач тергөөнүн жыйынтыгында ишкер аңчылык маалында кокустуктан улам курман болгону жазылган. Аңчылык учурунда Татишевдин жанында болгон Муратхан Токмади “өнөктөшүн кокусунан атып алган” деп айыпталып, бир жылга эркинен ажыратылган. Бирок 2017-жылы иш кайра каралып, Токмади атайын уюштурулган киши өлтүрүүгө барганын мойнуна алган. Ал кылмышка Аблязовдун опузаларынан кийин барганын жүйө келтирген. Токмади 2018-жылдын март айында он жарым жылга абакка кесилген.

Аблязов өзү социалдык тармактарда Татишевдин өлүмүнө тиешеси жок экенин билдирип жүрөт. 2009-жылдан бери Европада жашаган Аблязов Токмадини тааныбай турганын айтып, ага тагылган айыптардын саясий мүдөөсү бар экенин кошумчалаган. 2017-жылдын июнь айында Казакстан соту Мухтар Аблязовду бир катар айыптар боюнча сыртынан 20 жылга абакка кескен.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: