Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев иштин көзүн билбеген мажүрөө катары сыпатталып, көпчүлүккө «эт эмес же чел» эмес ортозаар катары таанылды. Экономика өлдү. Абулгазиев кечиктирилбей чече турган маселелерди айлап кармап, себебин сурагандарга президенттин кароосунда жатат деп өлкө башчысын жаманатты кылып, ошол эле кезде алакан ысыткан иштерди түнү болсо да чечип жибермейи бар экени жомок болуп айтылууда. Мына «Востокэлектро» тармагына эне сүтү оозунан кете элек жаш бала Максатбек Чыныбековду дайындаган. Анысы болсо аймактардагы РЭСтердин жетекчилерин алмаштыруу менен капчык кампайтып жатканы кызуу талкууланууда. Мындан улам, жогору жакка бергенин кол алдындагылардан чыгарып жатабы деген бүдөмүк ой жаралат. Абулгазиевдин Өмүрбек Бабановду колдогон жаш баланы жетекчи кызматка алып келгенинде эмне сыр бар?.. Бул президент Жээнбековго тымызын ор казып жаткандан кабар бербейби?
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ