УКМК улуттар аралык жаңжал чыгарууга аракет кылган жаранды кармады. Бул тууралуу комитеттин басма сөз катчылыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1989-жылы туулган А.А. аттуу Баткен оюлусунун тургуну WhatsApp социалдык тармагында группа ачып, ал жерге провакациялык мүнөздөгү видеолорду киргизген.
Ведомство билдиргендей шектүү 2010-жылда тартылган, өзбек жарандары кыргыз жарандарын токмоктоп жаткан учурду, жана ошол эле жылы тартылган кыргыз жарандары өзбек жарандарын кечирим суроосун талап кылып токмоктоп жаткан тасманы социалдык тармакта тарткан.
Кармалган адам күнөөсүн мойнуна алды, бул иш боюнча материалдар УКМКнын иликтөө органдарына берилди.
Ошондой эле УКМК жогоруда айтылган иштерди токтотууга чара көрүп жатканын, жана мындай мүнөздөгү материалдарды даярдоого жана таратууга Кылмыш жаза кодекси боюнча 4 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганын белгилешти.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ