Menu

Кулумбек Бөкөнбаев: Осмонбектин кыпындай да күнөөсү жок, ошондуктан камактан бошотулушу кажет

Бөлүшүү:

Айрым учурда таза адамды деле арамдарга аралаштырып “тегирменге” чайнатып жиберген калпыстыктар болот. Так ошондой осолдуктун курмандыгы болгон эл өкүлү Осмонбек Артыкбаевдин шайлоочулары, санаалаштары, колдоочулары бийликтен калыстыкты талап кылышууда. Анткени күнөөсү жок экени ачык көрүнүп турса да кыйладан бери эркиндигине доо келтирилүүдө. Муну соттор да көңүлүнө алып ишти калыстык менен чечүүлөрү кажет. Өзүнүн ак эмгеги менен тапкан сый-урматына кара санатайлык кылуу кечирилгис иш десек болот.

Кулубек Бөкөнбаев,    коомдук ишмер: «Калыс кебин айтпаса карылыктан не пайда»

– Жаңы бийликтин келгенине бир жыл болду. Арийне жетишкендиктер арбын экенин эч ким танбайт. Биздин жүлүнүбүздү сыздаткан жагдайлар да бар экендигин түз эскерте кетели. Маселен, эл өкүлү Осмонбек Артыкбаевдин төрт ай мурда камалганына жалпы коомчулук чынында таң калды. Анткени кырчындай жаштыгын адал эмгекке чегерип, өз мээнети аркылуу тапкан байлыгына эмне үчүн бөтөн бирөөлөр сугун артышы керек деген суроо жаралды. Кандай болгон күндө да анын тырышчаактыгынын аркасында чогулган кыймылсыз мүлктөрүнүн чоо-жайын жакындан иштешкен адамдар, бизнес чөйрөсүндөгүлөр жакшы билет. Ал мамлекеттин эсебинен бир сом алган эмес, жалаң маңдай тери менен оокатын жасоого умтулган. Ошондуктан шектене берүү ашыкча.

Ал эми ТЭЦтеги чырга келсек ал министр кезинде кандайдыр бир арам ойлорго азгырылганы тууралуу “жомоктун” өзү абсурд. Осмонбек шаардыктар кышында жылуу күндөрүн өткөрсүн деген ниетте болгон. Элдин талабын талашкан кызматкерди жек көрсөтүүгө канча аракет жасалбасын баары бир чындык чыркырап үстүгө калкып чыгат. Ошондуктан бейкүнөө камакта отурган Артыкбаевди тез арада эркиндикке кое берүүнү бийлик башындагылардан суранабыз. Анткени бул кыйчалыш ишти тергөөчүлөр, соттор кыска мөөнөттө чечүүгө кудурети жетпейт. Ошол үчүн урматтуу президенттен, өлкөдөгү жашаган ар бир жарандын гаранты катары саналган Сооронбай Жээнбековдон акыйкаттыкты күтөбүз.

Түрмөнүн ичиндеги турмуш абдан каардуу. Кимди болсо да сындырып, айласын кетирип салат. Эки күн мурда кайрадан Осмонбекке тез жардам чакырылып, медиктер көмөк көрсөттү. Эбак сексендин кырын ашып кеткен окумуштуу адам катары буларды бекерден айткан жокмун. Себеби, мен Осмонбектин таржымалына көптөн бери көз салып, анын уюштуруучулук жөндөмүнө, адамкерчилик сапатына, боорукердигине баа берип жүрөм. Эгерде ал мамлекеттин казынасына кол салып, эбегейсиз зыян келтирген болсо мен эч убакта коргоп чыкмак эмесмин. Акактай таза жигиттин тагдырына балта чабууга биз жол бербешибиз адилеттүү. Ошондуктан Осмонбекке боштондук бергиле деп талап кылып жатабыз. Түрмө анын орду эмес, анын орду элге кызмат кылууда. Калыстык кебин айтпаса, карылыктан не пайда деген кептин төркүнү тереңде жатпайбы…

Анапия Раимбекова,   Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти: «агабыздын Айыбы жоктугуна  ишенебиз»

– Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге карата козголгон кылмыш иши тууралуу  коомчулук ичинде түркүн божомолдор жаралганы мыйзам ченемдүү көрүнүш десек болот.Эли үчүн гана иштеп келе жаткан инсандын катачылыгын көрбөй турабыз. Осмонбек Артыкбаев биз абдан сыйлаган, урматтаган, Кетмен-Төбө  өрөөнүнөн чыккан кыйын агаларыбыздын бири. Өнүп өскөн жери да, өзү да таза инсан. Агайдын ата-бабалары Артыкбай калпа болгондугун баса белгилеп кетким келет. Чоң атасы Артыкбай калпаны бүтүндөй Кетмен-Төбө өрөөнү эле эмес, Анжиян, Аксы аймагына чейинки эл урматтап, сыйлашчу. Артыкбай калпанын касиетинин алдында, Кудайдын кудурети менен канча адам дартына даба тапкан. Анан кантип ошондой касиеттүү калпанын небереси жаман иштерге барсын? Барбайт, актыгын далилдейт деп ишенем!

Эл өкүлү  Токтогул районуна канчалаган мектептерди, көпүрөлөрдү, спорт залдарын куруп берип, элде эмне муктаждык болсо ошону аткарууга чын пейлинен умтулчу. Көп маданий иш-чараларга салым кошуп, чыгармачыл адамдардын көбүнө колунан келген жардамын аябай берип келет. Баш байгеге өз каражатын салып,  акындардын айтышын уюштурган. Чыгармачыл адамдарга ар дайым колдоо көрсөтүп келаткан инсанга ушундай оор учурда колдоо көрсөтүшүбүздүн өзү адамкерчилик деп эсептейм. Айрымдар карасантайлык кылып эле Артыкбаевди каралап жатышы мүмкүн деген ойлор да бар. Анын  таза киши экенин эли,  жердештери жакындан билет. Акыйкат өлкөдө жашаганыбыз ырас болсо Осмонбек агабызды боштондукка чыгарышсын!

Феликс Бакытбеков,    эркин күрөш боюнча Азиянын коло медалынын ээси: «Осмонбек акенин жардамы спортчуларга көп тийди»

– Мен өзү Кара-Көл шаарында туулуп, ошол жактан спортко кызыгуум артып, борборго келгем. Бала кезимден эле эркин күрөштүн чордонунда болууга бүткүл дитимди бурдум. Биринчи машыктыруучум Абдылас Назарбековдун жардамы аркылуу ийгиликтерге жетиштим. 2013-жылы Азиялык мелдешке катышып, коло медалга татыктуу болдум. Азыр болсо кадимкидей такшалып, эки айдан кийин боло турган республикалык мелдешке даярдык көрүп жаткан кезибиз.

Эми азыркы учурда оор абалга кептелип турган агабыз Осмонбек Артыкбаевге кайрылсак кеп мындай. Бул депутатыбыз Каракөлдүк көптөгөн спортчуларга көмөгүн тийгизген. Кандай мелдешке барбайлы жетиштүү каражатын берип, бизди жылуу маанайда узатчу. Ал тургай шашылыш убакта барсак да капчыгынан акчасын бөлүшүп келгенин эстен кантип чыгаралы. Жаштардын келечегине кайдыгер карабаган Осмонбектей агабызды ушундай мезгилде колдобосок качан колдомок элек? Жакшы адамдын минтип болбогон жерден күнөөлөнүп жатканына биз да таң калып жатабыз. Ошондуктан күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү ишти акыйкат чечип, Артыкбаевди эркиндикке бошотуп берет деген үмүттөбүз. Осмонбек агабыз эч убакта коррупцияга аралаша турган адам эместигине чын жүрөктөн ишенип турабыз.

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: