Бүгүн, 29-октябрда Ош шаарынын башчысы Таалайбек Сарыбашев ушул жылдын 5-октябрында төрөлгөн үч эм наристелерден кабар алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдайт.
Шаар башчысы үч эмдин ата-энеси Эрнис Бакиров менен Гулназ Батырованы куттуктап, бөбөктөргө ылайыктуу коляскаларды жана акчалай жардам көрсөттү. Мындан тышкары коммуналдык кызмат акыларына да жардам көрсөтөөрүн убада кылды.
Ошондой эле шаар башчысы медицина кызматкерлерине үч эмдин абалын такай көзөмөлгө алып турууну тапшырды. Үч эмге Нуржан, Бекжан жана Гүлжан деген ысым берилген. Бул үй бүлөдө үч эмден тышкары дагы 2 баласы бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ