Москвада каза болгон кыргыз жаранынын сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.
“Бүгүн 29-октябрда уруксат кагаздарын алып, маркумдун сөөгүн мекенге жөнөттүк. Маркумдун жакындарына сабыр тилеп, Москвадагы коомчулуктун атынан терен кайгыруу менен көңүл айтабыз. Сөөктү жөнөтүүгө жардам берген кыргыз туугандарга ыразычылык билдиребиз”, – деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, кечээ 28-октябрда Москва облусунун Руза шаарында Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну 50 жаштагы Х.Ж жумушуна бара жаткан учурда жолдон жүрөгү токтоп каза болгон.
Булак: Kyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ