Кинорежиссер Руслан Акундун “Көк-бөрү” тасмасы бүгүн 30-октябрда Лос-Анжелесте өтүп жаткан “Asia World Film Festival” эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу иш-чаранын расмий сайтында кабарланды.
Кечээ 29-октябрда ушул эле фестивалда Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасы көрсөтүлгөн.
24-октябрда Лос-Анжелестин Калвер-сити шаарында башталган кинофестиваль 1-ноябрда жыйынтыкталат.
Быйыл төртүнчү ирет өтүп жаткан бул иш-чара Жогорку Кеңештин депутаты, режиссер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ