Кыргызстандык спортчу Мантилахун кызы Айдай KWF кекушинкай каратэси боюнча II Дүйнөлүк Чемпиондугунда коло медаль тагынды. Бул тууралуу анын машыктыруучусу Сергей Шевченко билдирген.
Анын айтымында, мелдеш 3-4 ноябрда Казакстандын борбору Астана шаарында болуп өттү. Медалдар үчүн ар кандай ккатегорияларда 30 өлкөдөн келген спортчулар ат салышкан. Мантилахун кызы Айдайй 50 килограммга чейинки салмак категориясында 14-15 жаштагы спортчулар арасында “кумитэ” бөлүмүндө ат салышкан. Ал 5 беттештин 4нү утуп, үчүнчү орунга татыган.
“Менин командамдагы бир нече каратэчилер байгеге илинишкен жок, бирок өтө балуу тажрыйба топтой алышты. Дүйнө Чемпиондугунун деңгээли өтө жогору болду”-деп билдирди Сергей Шевченко.
Кыргызчалаган:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ