Тажикстан бийлиги сексуалдык зордук-зомбулук үчүн жазаны катаалдаштырууга ниеттенүүдө. Өкмөт тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоору күн мурун парламентке жөнөтүлдү.
Долбоорго ылайык, Тажикстан Кылмыш кодексинин “Зордуктоо” жана “Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери” беренелерине өзгөртүүлөр киргизилет. Өкмөт жыныстык жол аркылуу СПИД жуктургандарга да жазаны катаалдаштырууну сунуштоодо.
Учурда сексуалдык зомбулукка айыпталгандар үч жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок 14 жашка толо электерди жана жакын туугандарын зордуктагандарды өмүр бою түрмөгө кесүү каралган.
Тажикстандык укук коргоочулар зордуктоо үчүн жазаны катаалдаштырууну көптөн бери сурап келишет. Алардын айтымында, соттор зордукчуларга өтө жумшак жаза берип келишет, айрым айыпталуучулардын иши сотко да жетпей калат.
БУУнун Башкы катчысы Антониу Гуттериш 3-сентябрда тажик бийлигин сексуалдык зордук-зомбулук, асылуулардын алдын алууга үндөгөн.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ