Кечээ, 8 ноябрда саясий активисттер тарабынан “Талас” саясий ынтымагы түзүлдү. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучусу Максат Чаки өзүнүн баракчасына жазып чыкты.
Ынтымактын негизги максаттары:
1. Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнө салымын кошуу.
2. Мыйзам чегиндеги коомдук-саясий иштерди алып баруу.
3. Регионализмге жана бөлүп жарууга каршы иштерди алып баруу.
4. Жарандык ой-пикирлер үчүн саясий аянтчаларды түзүү.
5. Шайлоо процесстерине катышуу.
“Талас” саясий ынтымагы Баш мыйзамга жооп бербеген жана каршы болгон, диний, расалык ой-максаттарды көздөгөн иш-чараларды жана максаттарды колдобойт жана көздөбөйт. Ынтымакка кошулууну каалаган мекендештерди жакынкы арадагы ынтымактын отурумуна чакырат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ