Menu

Коомдук унаадагы Эргешов, Ош базарга көп каттаган Туманбаева жана кой сойгондо камчы салдырбаган Токтошев

Бөлүшүү:

Рада Туманбаева, Жогорку Кеңештин депутаты: «Ош базарга көп эле барам…»

—Акыркы жолу Ош базарга качан бардыңыз эле?

—Өзүм Филармониянын жанындагы батирлердин биринде жашайм. Демек Ош базарга жөө бассам бат эле жетем. Андыктан жолдошум экөөбүз базарга көп барабыз, башка базарлардай тар эмес кенен да. Анын үстүнө бир нерсе алайын десең тандоо дагы көп. Ошондуктан эт, жашылчаларды алып келүү үчүн барам. Жакында эле эки жума мурун барып эт алып келгем. Тазалыгы бекем сакталып, тартиби жакшы болсо андан да мыкты болмок.

Махабат Мавлянова, Жогорку Кеңештин депутаты: «Тоолор кулаганда чыгармасын кайра окуп чыктым…»

—Акыркы жолу кандай китеп окудунуз?

—Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун «Тоолор кулаганда» деген чыгармасын жана Збигнев Бжезинскийдин «Великая шахматная доска» деген китептерин окудум. «Тоолор кулаганда» чыгармасын мурда окугам, бирок кайра окугум келди. Жөнөкөй каарман Артём Саманчиндин жеке жашоосу аркылуу руханий байлык, жөнөкөй адамгерчилик, сүйүүгө караганда байлык, материалдык кызыкчылык жогору коюлчү жашоон ун эпохасы жаралганы айгинелейт жана ошондой эле ага карабастан адамзатынын арасында чындык, акыйкаттык үчүн өз жанын берүүгө даяр инсандарыбыз бар экенин чагылдырат. Бжезинскийдин чыгармасында дүйнө жүзүндөгү геосаясаттын жалпы абалын автордун көз карашы менен көрө алдым. Дүйнө жүзүндөгү мамлекеттерге үстөмдүк кылып туруучу мамлекеттердин ич ара мамилеси, күрөшү, бирин-бири басынтуу аракеттери , атаандыштыктары жана ар бир мамлекеттин геосаясаттагы орду чагылдырылган. Кызыктуусу Бжезинский китебинде Кыргызстан туризм тармагын өнүктүрүү менен экономикасын көтөрсө болот деп айтып кеткен. Албетте ал баарыбызга белгилүү, бирок ушундай саясатчылардын оюн да эске алуу менен мамлекеттин туризм потенциалын өнүктүрүүбүз зарыл.

Данияр Төлөнов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Балдарыма убакытты сөзсүз табам»

—Акыркы жолу уул-кызыңызды бакчадан качан алып кеттиниз?

—Кичинекей кызым Амаль өтө таттуу кези. Аны бир күн көрбөй калсам жашоом токтоп калгандай болом. Дайыма жанында болгум келет. Анын үстүнө өзүм баласаак аталардын катарын толуктайм. Уул-кызымды мектепке жеткирип анан жумушума кетем. Анткени 8:00дө алардын сабагы башталса, менин жумушум саат 9:00дө башталат. Ал эми сурооңузга  келсек мына азыр (ред. 6-ноябрь) эле кызымды бакчадан жетелеп чыгып баратам.

Алмаз Эргешов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Коомдук унаага түшүп, тыгылышып бардым…»

—Акыркы жолу коомдук унаага качан түштүнүз?

—Эки күн мурун машинам бузулуп калып маршруткага чыктым. Эл жумуштан үйүнө агылган убакта чыгып алган экенмин. «Час-пикти» баарыңар билесиңер да. Тыгылышта жетээр жериме чейин туруп бардым. Коомдук унаа менен жүрбөгөндөй, маршруткага түшпөгүдөй мен ким элем? Элдин арасынан чыгып эле, элимдин колдоосу менен депутат болуп келгем. Эл аралап жүргөндөн Кудай айырбасын.

Алымбек Бактыбеков, Бишкек шаардык кеңештин депутаты: «Чоң атам  бизди тынч олтургузбайт»

—Акыркы жолу качан үй жумуштарын кылдыныз, короо шыпырып, ары жак бери жакты ирээттеп дегендей?..

—Жай бүтүп бара жаткан мезгилде чоң атамдар (ред.Үсөн Сыдыков) дачадан шаардагы үйгө көчүп келишти. Ошондо барып тазалашып, эки жагын жыйнаштым. Негизи эле чоң атам бизди дайыма эмгекке үйрөтөт. Үйдө кызматчы жүргөнүн жаман көрөт. Андыктан баардык жумушту өзүбүз жасайбыз. Ал киши өзү да тынч олтурбайт жана бизди да тынч олтургузбайт. Өзүм кабаттуу үйдө жашайм, үйдө андай деле жумуш жок. Бирок, атам жер үйдө жашагандыктан барып калсам сөзсүз короону ирээттегенге кол кабыш кылам. Азыр оңдоп-түзөө иштери жүрүп жумуш көп болуп жатат. Мындай жумуштарды кара жумуш деп айтуудан алысмын.

Эмил Токтошев, Жогорку Кеңештин депутаты: «Кой союп жиликтегенди эң жакшы билем”

—Акыркы жолу качан кой сойдуңуз?

—Орозо бүткөндө курмандык чалып куран окуттум, ошондо койду өзүм сойдум. Кой соё албайм деген сөз тоолук жигиттер үчүн уят болот. Ар бир тоодо өскөн бала атасынын колунан ишти алыш үчүн сөзсүз кой сойгонду, ат мингенди үйрөнөт. Өзүңөр билесиңер айылдагы балдар койду таза, тыкан союуда алдына киши салышпайт. Мен деле алардын катарын толуктайм. Кызматым бар эле деп турбайм, эгерде кой соё турган эч ким жок болуп калса бычакты алып мууздап, терисин сыйрыйм. Мисалы жайында туугандардын үйүнө баргам. Башкалар бошобой калгандыктан койду мен союп, жиликтеп, казанга салып бердим. Анын эч кандай кыйынчылыгы жок.

Булак: «Жаңы Ордо»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: