7-ноябрда Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын тургуну, чала тааныш кыз анын “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз тарапка айдап качып кеткенин айтып кайрылган.
Ошондой эле Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан 1995-жылы төрөлгөн Б.к.А. аттуу жаран шектүү катары кармалган. Ал мындан тышкары дагы ушул өңдүү 5 окшош кылмыштарга шектелген.
Учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 172-беренеси (Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) менен кылмыш иши козголду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ