Menu

Прокурордун өлүмүнө шектүүнүн эжеси: “Менин инимди аңчылыкка прокурорлор өздөрү алып кетишкен”

Бөлүшүү:

Прокурордун өлүмүнө шектүү делген Баткен шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин эжеси, аны аң уулоого апасы экөө жибергиси келбегенин айтып берди. Бул тууралуу маалыматты Дариха Калыкова super.kg басылмасына билдирди.

Баткен ККБнын жетекчиси  Мелис Калыков  кылмыш болгон күнү жакындары каршы болгонуна карабастан, прокуратуранын кызматкерлери  чакырган аң уулоого барган.

“Окуя алдында биз Мелис экөөбүз тойдо чогуу отурганбыз.  Анда ал мага прокурорлор аңчылыкка барып келүүсүн  сунуштаганын айткан.  Апам экөөбүз: ”Сенин кандай тиешең бар? Барба”,- деп айтканбыз. Ал “жок, барбай коюуга болбойт” деп, 17-ноябрь  эртең  менен аңчылыкка кеткен. Өкүнүчтүүсү  ал прокурордун өлүмунө шектүү деп айыпталууда. Менин иним ал жакта жалгыз эмес, облустук жана райондук 7-8 прокурор бар болчу. Эгерде ушунча прокурор өз жетекчисин коргой алышпаса, анда биздин укуктарыбызды кантип коргошот? Биз Мелистин мындай кылмышка барганына ишенбейбиз. Жакшылык жасайт, бирок жамандыкка жол бербейт. Жада калса, ал тоокту да сойо албайт. Мелис биздин үйдө жалгыз уул, ал мындайга барбайт ”, – дейт Д.Калыкова.

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: