Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров сауд арабиялык Өнүгүү фонду жараксыз абалдагы мектептердин ордуна 24 жаңы мектеп куруу үчүн каражат бөлгөнүн эскертип, өкмөт бул иш боюнча тендердик иштерди тездетиши керектигин эскертти.
Мындан тышкары, депутат мектептерди куруу иши КРнын Каржы министрлигинин ыкшоолугунун айынан токтоп тургандыгы тууралуу маалымат бар экендигин айтып, учурда бул маселе канадй абалда экендигине кызыкты.
КРнын каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков учурда консультативдик компания менен мектептердин абалын текшерип, 24 авариялык абалдагы мектепти аныктоо боюнча келишим түзүлгөнүн билдирди.
Депутат Т.Зулпукаров аталган маселе боюнча толук маалымат берүүнү сурап, жогорудагы маселени чечүүнү жайлатуу бюджетке терс таасирин тийгизерин баса белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ