Menu

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: «Алмазбек Атамбаев “мен эбегейсиз чоң ишкананы Түркияда иштеткем” деп бир дагы жолу мурда айткан эмес»

Бөлүшүү:

— Эдил мырза, сиз Атамбаевдин 36 млн долларга Түркиядагы ишканамды саткам деп чыккандан кийин, анын бул маалыматы карандай калп экенин, болгону 27 миң доллар акча болгонун документтер менен далилдеп койгон элеңиз. Кечээги маегинде дагы бир жолу байлыкты Түркиядан топтогом деп айтты. Бир жылда 27 миллион долларга жакын таза кирешени “Гүлжанлар” деген ишканасынан тапканын документтер аркылуу далилдегенге аракет кылды. “Гүлжанлар” чын эле сатылган беле? Бул ошончо ири киреше алып келе турган ишканабы?

— Менин аябай таң калганым так ушул учур болуп турат. Былтыр апрелде президент Атамбаев өзүнүн 7-кабаттагы кеңсесине башкы прокурор Индира Жолдубаеваны чакыртып алып, “Менин байлыгымдын булагы 2003-жылы бир түрк фирмасын 45 миллиард лирага же болбосо 36 миллион долларга сатканымдан” деп жарыялаган. Жөн эле жарыялабай башкы прокурорго “Ушул маалыматты текшергиле!” деп расмий кайрылганы эсибизде. Мен ошол маалыматты 2003-жылы түрк лирасы өтө чоң инфляциядан улам миллиондоп эсептелип калганын айтып, ал кезде 45 миллиард лира 27 миң эле доллар болгонун тастыктап бергенмин. Президенттик аппарат менин маалыматымды төгүндөйм деп атып, мындан дагы бешбетер көп калп айтып, мисалы, 1950-жылдары Кайсери шаарында негизделген жалпы “Электромед” холдингдин 90%ы Атамбаевдин менчиги болчу дегенге чейин барышкан. Мен аягында атайын Анкарага барып,  колума расмий документтерди алып келип, “Гүлжанлар” жана “Электромед” эки башка фирма экенин далилдеп бергенмин. Аягы булар ошол Атамбаевдин эски досу Ахмет Кайаны “ооба, мен 36 миллион доллар бергенмин” деп жалган айттырышкан. Ошо менен жайкы каникул, анан шайлоого элибиз алаксып, бул маселе жабылып калган. Мен расмий документтерди Башкы прокуратурага жолдоп, алардан жооп ала албай койгом. Индира Жолдубаевасы дагы эч кандай расмий корутунду чыгарып берген эмес. Мен быйыл жаздан бери кайра-кайра кайрылып, талап кылып атам. Ошол Атамбаевдин калпы боюнча тергөө жүргүзүлсүн, өзүнүн былтыркы суранычы боюнча, байлыгынын булактары аныкталышы керек деп. Талылуу жерин билип, коркунучту сезип, Атамбаев интервьюсун так ушул суроодон баштап атканынын себеби ошондо. Бул киши 36 миллион долларга сатылган имиш деген фирманы айтпастан эле, эмнегедир бул сапар “дивиденд” жөнүндө айтып атат. Кыргыз элин, баардыгыбызды жаш баладай эле көрөт. Биз эмне унутуп калдыкпы былтыркы айткан сөзүн? Эмнеге өзгөртүп атат легендасын? Анткени билет, былтыр айтканы калп, фирма сатканына ал 36 миллион доллар алган эмес жана анда эч кандай тастыктоочу далили жок. Калпы чыгып калгандан кийин, эми интервьюсунда “нотариальный” документим бар, 26 миллион доллар “дивиденд” алгам деп жарыялап жатат. Эртеси күнү болсо кайдагы бир ксерокопияларды жарыяласа болобу, баардыгыбыз ошого ынанып кала тургандай. Биз коррупционерлерди тергегенде, ушундай оңой жол менен уурдалган байлыкты адалдаштыруу прецедентин түзүп койсок, анда элдин баардыгы эле “миллиондогон акчаны 20 жыл мурун эле тапкам, мына баланча фирмадан ксерокопия” деп эле көрсөтө башташат. Биз буга жол бербешибиз керек. Жок, кымбаттуу Алмазбек Шаршенович, 26 миллион доллар бул 26 сом эмес. Банк берген документтерди жарыялап коюңуз кичипейилдикке. Ансыз бул айтып аткандарыңыз суу кечпейт. Ишенбейбиз! Коррупция иштери боюнча байлыгын тастыктап берүү бул мамчиновниктин милдети. Күмөн санатчу мисалдар толтура. Эми бир жылда 26 миллион долларга киреше тапкан фирманы ким сатат 36 миллионго? Туурабы? Же болбосо, эмне үчүн Алмазбек Атамбаев “Мен эбегейсиз чоң ишкананы Түркияда иштеткем” деп бир дагы жолу мурда айткан эмес? Ооба, жанагы деле интервью берген хансарайын социалдык тармактарда өзү 6-апрелде камакка алынган тамы менен салыштырышты го, дароо эле.

— Сиз аны менен 2007-жылы КСДПда жооптуу катчы катары иштебедиңиз беле. Ал кезде эле азыркыдай мультимиллионер беле?

— Атамбаевди жакын тааныган адамдардын баардыгына белгилүү. Мисалы, китеп басканы боюнча канча жолу баардык жергиликтүү жана эл аралык журналисттерге айтып берген. Керек болсо, жанагы Путин менен берген пресс-конференциясына чейин. Президенттик кампаниялары мына 2009-жылы, анан 2011-жылы өттү. Эмнеге бир дагы жолу “Мен Түркияда чоң-чоң өндүрүш тажрыйбам бар” деп айтып, мактанган эмес? Башка кеп, бул 26 же 36 миллион доллар байлыгы болсо, 2000-жылдардын башында Бишкекте үч бөлмөлүү квартира 5000 доллар турган кез. Баардык атамекендик банктардын капиталын кошкондо дагы, анча каражат эч кимде жок болчу. Биздин эсибизде баары эле. Ошондо Атамбаевде бир дагы банк эмес, телеканал же гезити да жок болчу. Жадагалса, 2005-жылы жазында парламенттик шайлоого да катышкан эмес. Эки жеңебиз маршрутка менен эле жумушуна барып, “Дордой” базарынан эле кийингенин көргөн билген кишилер эле айтып атышат. Мен кечирим сурайм, бул жеке турмушка кийлигишүү болуп атса. Бирок мына мультимиллионердин кичүү кызы интервьюсунда айтып берип атат “Мен ата-энемди кыйнаган эмесмин, SELA деген дүкөндөн баланча кийим алып бер деп” дейт. Бакиевдер камакка алдыртканда, катардагы эле мекендештин үйүнө окшош тамдын ашканасында баягы эле сервант, клеенкаланган стол турбады беле? Анан каяктан мынча байлык таап атат? Мен дагы бир жолу кечирим сурайм. Чоочундардын пулун эсептеп көнгөн эмесмин, бирок бул жерде моралдык суроо. Атамбаевди бийликке алып келебиз деп атып, элибиз эбегейсиз кымбат баа төлөгөн. Ушунун тазалыгына ишенип, жаш балдардын каны аянтта төгүлгөн. Мен калгандарын айтпай эле коёюн. Бул киши 1990-жылдардын башында 1-май райисполкомдон иштеп жүргөн жерден Жаныш Рустенбеков менен тил табыша албай кетип калат. Катардагы эле батири бар, эч кандай коммерсант эмес эле, жөнөкөй жаш чиновник болчу анда. Азыркы жеңебиз менен жаңы уйлөнгөн болуш керек эле. Анан жазучуулар союзуна ишке орношуп калат. Ал учурда жазучуулар “киреше табышыбыз керек” деп аракет кылып атышкан. Атамбаев келе электе эле китеп басып сатканга аракет кылышчу. Анан ошол Атамбаевке ишенип, аны жалдашат. Мен ошол кезде басылган китептерди карап көрсөм, биринчи баардык эле пайда жазуучулардын союзуна кетип атат, анан дагы бир канча китеп НПФ “Форум”менен бөлүшүп, анан акыркылары толугу менен эле ушул жеке фирмасына пайда түшүрүп атат. Муну кандай түшүнсөк болот? Менеджер катары жалданган киши, ошол жазуучулардын пайдасына иштебей, жеке чөнтөгүнө иштеп баштаганын көрүп атабыз го. Мына, мисалы, ошол эле жазуучуларга тийиштүү Тыныстанов-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан клуб, Атамбаевдин жеке менчиги ресторан “Нооруз” болуп калганын ошол учурда гезиттердин баардыгы жазган. Жазуучулардын союзуна тийиштүү эс алуучу жай. Арашан айылында жайгашкан. Жанагы кан досу Кайа медресе куруп, азыркыга чейин ошонун эле эсебинен турат. Анан Россиядан берген гранттар келип калып, приватташтырууга катышып, “Кыргызавтомаш” деген гигант заводдордун акциялары да жеке Атамбаевдин фирмасына катталып калганын баарыбыз билебиз. Бул гигант заводдун территориясын карасаңар — ​шаардын бир чейреги болуш керек. Ошону кескилеп сатып атып, 1995-жылдан бери жан багып келген урматтуу экс-президентибиз, Акаевге тирешип 2000-жылы президенттик шайлоо кампаниясын да ошондон каржылаган. Эми ал кезде 100 миң доллардай суммалар өтө чоң акча болчу. Албетте, баардыгыбызга Атамбаев өтө бай адам катары көрүнчү. Бирок, албетте, ал эч качан “долларовый мультимиллионер” болбогон. Акчасын көбөйтүп, пайда деле тапкан эмес. Ижарага берип, территориясын цех- цех кылып саткан. Кичине аракет кылып аккуммулятор жана радиатор чыгарам деп убагында мамлекеттен жана банктардан кредит алган. Мына “Токтом” базасына деле кирсеңиз, ошондо өкмөт бөлүп берген акчаларды көрсөңүз болот. Ашып кетсе 20 миң доллардын тегереги. Азыркы банкирлерден деле суратса болот, баардык материалдар бар. Ошол революцияга чейин кандай оборот менен иш алып барып, канча кредит алып, кыйналып төлөй албай жүргөнү мунун баардыгы факт. Документтер турат.

— Башка маселелерге алаксып кете электе Атамбаевдин айткандары боюнча дагы бир суроо. Маегинде Эрдоган тууралуу айтып баратып, 50 миллион доллар тууралуу билдирди. Ал жөнүндө эмне деп айтып бере аласыз?

— Атамбаевдин уялбай, тартынбай ошону айтып бергени бул кишинин коррупцияга терең малынганын, бийликти жеке кызыкчылыкта пайдаланганынын дагы бир мисалы. Ойлоп көрсөңүз, кыргыз мамлекетинин жетекчисинин кайдагы бир чет өлкөлүк достору үчүн кыргыз элинин кадырын салып, алардын жеке маселесин чечүүгө укугу барбы? Тайып Эрдоган мамлекет башчысы суранып атса, кыргыз элин сыйлаганы үчүн, аны кыя албай, аткарат. Бирок ошол жеке бирөөнүн пайдасы биздин элдин кызыкчылыгынын ордуна аткарылып атат, бул факт. Бул жерде биз биринчи жолу көргөн жокпуз мындайды. Ага чейин деле Молдова олигархынын кызыкчылыгын Владимир Путиндин алдында жактаган. Анын жеке самолету менен Кишиневго барып, ал мамлекеттин президенти менен учурашпай, жеке мейманканасына барып, Плахотнюк менен сүйлөшүп, ошол эле кишинин учагы менен Петербургга барып, ортоктош болгону бул кайра эле мамлекеттик кызыкчылык жана биздин аброюбузга зыян алып келген. Тиги Эрдогандан суранганы бул ошол “Электромед” компаниясынын ээси, өзүнүн кан досу Ахмет Кайянын суранычы менен, “Электромедке” жүктөлгөн 139 миллион лира же болбосо 70 миллион доллар салык пенясын эки миллион долларга түшүртүп берген. Бул жөнүндө скандал деп, 2013–2014-жылдары түрк гезиттери да жазып чыккан. Эми мына биз билип атабыз, кимдин суранычы менен мындай прецеденти жок салыкты чийип салуу орун алганын. “Анкара Газ” деп айтканы бул “Башкентгаз” деп Анкараны газ менен камсыз кылуучу фирманы менчиктештирүү 2007-жылы жарыяланат. Ага ошол газ эсептөөчүлөрдү чыгарган “Электромед” фирмасы дагы катышат. Тендерде биринчи орун болгон “Global Energaz” деген фирма 1.6 миллиард доллар сунуштайт. Бир жылда убадаланган акчасын төлөй албаганда, ал кепилдикке койгон 50 миллион долларды Анкара мэриясы алып алат. Экинчи орунду алган “Электромед” дагы ал акчаны төлөй албайт, соттошот, баасын түшүрүүгө аракет кылат. Бирок 2009-жылы алардын да аккредитив коюлган 50 миллион долларын да Анкара мэриясы талап кылып, тоңдурбай эле, алып алат мыйзам жана жобого ылайык. Ал сумманы эч качан кайра кайтарып берүүгө мүмкүн эмес. Менимче, ошол “тоңдурулган 50 миллион долларды кайтарттырып бердим” дегени, жанагы коюлган салык жана пеняны жойдуртканын айтып атат.

— Сиз Атамбаевдин маалыматы калп экенин, аны текшерүү үчүн прокуратурадан талап кылып жатсаңыз, аягына чейин чыгамын деген ойдосузбу?

— Мен азыркы учурда Башкы прокуратурадан былтыр Атамбаевдин Индира Жолдубаевага тапшырган документтери боюнча кандай жыйынтык чыкканы боюнча жоопту талап кылуудамын. Менин колумдагы былтыр Анкара, Измир, Стамбул шаарларынан топтогон расмий документтерди изилдеп чыгууну суранып атам. Мен дагы бир жолу кайталайм, бул биз үчүн моралдык суроо. Алмазбек Атамбаевдин коррупциясына, бийликти узурпация кылып алганына баа берилиши керек. Бул киши экс-президенттик статуска ээ болууга укугу жок.

К.Тагаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: