Menu

Изумрудхан Токсонбава, экстрасенс: “Келечекте “Сооронбай Жээнбековду тактыдан түшүрөбүз” дегендердин күчтөрү жетпейт”

Бөлүшүү:

Экстрасенс, элдик дарыгер Изумрудхан Токсонбаева Украина мамлекетинин Харьков шаарынан улуттук медициналык университетин аяктап келген. Жогорку билимдүү айымга Жараткандан кошумча касиет келип, элдик дарыгер катары бейтаптарды кабыл ала баштаганына аз эле убакыт болгон. Айткандары дал келип, эл аягы үзүлбөй, Изумрудхан айымдын шыпаасына ишенгендер арбын.

-Экстрасенс болуп адам көрүү, жол ачуу касиетине кайдан кабылдыңыз?

-Жаштайымдан эле көп оорудум. Баш оорунун азабын тарттым. Же медицина дартымды тактап айта албады. Такыр эле күлбөй, маанайым ачылбай, түнт адамга айланып кеткем. Менин оорумду байкаган айрым адамдар «касиетиң бар окшойт, Түркстанга барып көзүңдү ачтырып кел» деп сунушташты. Түркстанга бир ирет барып келгенден кийин эле баш оорум кичине басылгансып, өзүмдү жеңил сезе түштүм. Түшүмө башкача бир теспе кирди. Көзү ачыктар «ошондой теспе алып келишиңиз керек» деп айтышты.

Түркстанга барып түшүмдөгүдөй теспе алып келдим. Теспени алып келгенден кийин дал ошондой теспе кармап чоң атам түшүмө кирди. Негедир кызык нерселерге дуушар боло баштадым. Теспе мага сүйлөп бере баштагандай болуп, теспе аркылуу адамдардын канча өмүрү калганын, ооруларын айта баштадым. Көзү ачыктар менен чогуу бейтаптарды барып көрүп жүрдүк. Бир күнү катуу ооруп жаткан келинди көрүүгө бардык. Ар ким ар кайсыны айтышты. Мага болсо ал келиндин 3-4 күндүк өмүрү калганы даана билинди. Мен айткандай эле ал келиндин көзү өтүп кетти. Айткандарым дал келгенине өзүм дагы таңгала баштадым. Ошентип кайра-кайра сегиз ирет Түркстанга бардым. Акыркы ирет барганымда мени менен кошо эки бир тууган балдар дагы барышты. Алар дагы медицинадан даба таппай кыйналып жүрүшкөн экен. Келе жатканда эки баланын кускулары келип кыйналышканынан баштарын кармалап массаж жасай кеттим. Бир-эки аялдама өтпөй эле «эже, сиз кармаласаңыз өзүбүздү жакшы сезе түштүк. Колуңузда шыпаа бар экен» деп мени ээрчип алышты. Үйгө келгенден кийин шам окусам, ал балдар транска түшүп кетти. Шам аркылуу кадимкидей денелерине сиңген жин, кара энергия чыкканын туйдум. Үч күн аларга шам окугандан кийин кадимкидей жакшы болуп калгандарын айтышты. Шыпаа таап кетишти. Түрдүү адамдар кайрыла башташты. Шам окуганымдан кийин жүрөгү сыгылгандар сыгылбай калат. Стресс, депрессиялар жок болуп кетет. Астмалар жок болуп кетет. Арак ичкендер токтоп калат. Жолдору ачылып, кадимкидей илгери жүрүшө баштаганын айтып, адамдар көп кайрыла баштады.

– Арактын азабынан кутула албай жүргөндөр көппү? Аларга кандай жардамыңыз тиет?

– Ичкендер көп. Илешкендер көп. Кара энергия дене-бойлоруна кирип алып, ичкендерин токтото албайт. Дуба окуп, шам жагып, кара энергияларын, илешкектерин чыгарам. Аракты коюп  иштери жүрүшүп кеткендер, ыраазы болгондор көп.

– Азыр кайда барбайлы, дуба, кара дуба тууралуу көп сөз угабыз…

– Мага ар кандай суроолор менен ким кайрылбасын, ал адамга дуба окутулганын байкайм. Же балким илешкектер жолдон же көчөдөн, абадан деле жуга берет окшойт. Бул – адамдардын тулку боюна сиңген кара энергия. Көчөдөн, көздөн, сөздөн деле жуга берет.

– Атайын ал адамга карата окутулбаса деле дуба болобу?

– Анык дуба окутулганын көрө албайм. Бирок, кара энергия денесине сиңип, ачылбай, чыр-чатактан чыгалбай жүргөн адамдар көбөйдү.

– Түш көрөсүзбү? Кандай түштөр?

– Жакында бир түш көрдүм. Уктап жатсам терезеден аппак булутка окшоп периште кирди. «Адам көрөсүң» дегендей белги берип жок болуп кетти. Ага чейин да кээде түшүмдө бир күчтөр келип операция жасап кетишчү. Эртеси өзүмдү жеңил сезип калаар элем. Түшүмдө кээде аркы дүйнөдөгүлөрдү көрүп калам. Бейиштеби, тозоктобу, кандай арбак экени да билинет. Кайнатам каза болуп калган. Кайненем жакында жети жылкы союп куран окутту. Кайнатамдын арбагы ыраазы болуп, көтөрүлүп калганы билинди. Мурда «кан чыгаргыла» десе, «неге адамдар ушундай сөздөрдү айта берет? Эт жегилери келип, бир нерсе айта беришет окшойт» деп ойлочумун. Бирок арбактарга кан чыгарып, куран окуткандан кийин арбак ыраазы болуп, ишим жүрүшүп калганын сезем. Кан чыгарып, куран окутуп, жети токоч жасап туруунун эч зыяны жок.

– Аркы дүйнө, арбак бар экенине ишенбегендер да бар…

– Аркы дүйнө бар экенине ишенем. Аркы дүйнөдөгүлөр айланчыктап биздин жаныбызда эле жүрөт. Көбүнчөсү аралашып эле жүрөт. Биз жөнүндө алар баарын билип турат. Космостон же башка жактан маалыматгар келбейт. Ошол аркы дүйнөдөгүлөр жардамга келет. Ошолор «болот, болбойт» деп айтып турат. Бул аркы дүйнөдөн келген касиеттер. Мисалы, мага булут кылып күч киргизгендер кимдер? Айтор, белгисиз бир энергиялар, күчтөр бар. Биз, адамдар ишибиз жакшы жүрүш үчүн таза жүрүш керек, таза сүйлөш керек. Бул күчтөр таза адамдарга келет.

-Ушул жылдын башы, январь айындагы маегибизде экс-президент Атамбаев менен азыркы президентибиз Жээнбековдун мамилеси тууралуу кеп козгоптурбуз. «Бийлик, байлык илгертеден эле чыр-чатак, көралбастык, интрига, саткындык менен коштолуп жүрүп отурат эмеспи. «Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» болуп, экөөнүн мамилесинин бузулушуна кызыкдар адамдар көп көрүнүп жатат. Менин төлгөмдө жаз алды экөөнүн ортосунан ырк кете баштайт. Мамилери бузулат» деп жооп узатыпсыз. Андан бери көп окуялар болуп кетти…

– Ошондой болду. Төлгөмө түшкөн эле. Эми азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун иштери тууралуу айтсак, күн санап күчкө толуп, тажрыйба топтоп, иштери жакшы жүрүшө берет. Президент жөн жерден эле бийлик башына келе бербейт. Президентти Кудай колдогондор күчтүү болгон үчүн бийликке келет. Колдоочулары менен келген президентке башкалар тоскоолдук кылууга далалаттанса да күчү жетпейт. Келечекте «тактыдан түшүрөбүз» деп аракет кылса да алдары жетпейт. Намаз окуганынын жардамы чоң. Эми ошол арбактар алдында, эл алдындагы чоң жоопкерчиликти туура колдонуу зарыл. Элдин жашоосун оңдоп кетүүнү ойлонуш керек. Бийликке келгендердин көпчүлүгү өздөрүнүн кызыкчылыгын жогору коюп кетишет. Бирок, алардын арты жакшы болбойт. Эл кызыкчылыгын ойлош керек… Экс-президент Алмазбек Атамбаевге да кут түпгүп шайланган, жөн эле жерден президент боло калган эмес…

– Дагы кандай кеңеш айтасыз?

– Мурдагы президенттер кыргыз элин жаман жашоого дуушар кылып коюшту. Жаштар жумуш жогунан, жетишсиздиктен ар кайсы өлкөлөргө иш издеп кетишти. Толук кандуу үй-бүлө жок. Атасы, апасы бир жакга. Тарбияны ойлобой, акчаны гана ойлоп калышкан. Биздин өлкөдө мыйзамдын күчү жок. Бизге азыр катуу, өтө катуу гана тартип керек.

– Сизге ошол бийликтегилер жардам сурап, жол ачтырып кайрылышабы?

– Аттарын атабасам да айрымдар бар экенин жашырбайм. Менин касиетиме ишенгенден кийин өздөрү күндө келе албаса да дуба окуп, жамандыктан коргоп, иши жүрүшүп турганын сурангандар бар.

– 2019-жыл кыргыз эли үчүн кандай жылдардан болот? Кандай окуялар орун алат?

– Кыргыздардын колдоочусу күчтүү. Кыргыз эли үчүн жаңы келе жаткан доңуз жылы ойдогудай жакшы жылдардан болот. Катуу ойлондурган, коркунуч туудурган эч нерсе көрө алган жокмун.

Маектешкен: Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: