Мыйзамсыздыкты көзөмөлдөгөн органдар коомчулукту уу-дуу кылган окуяларды уюштуруп, мамлекеттин акчасын кымырган, пара алган, элдин капчыгын тоногон чиновниктерди тузакка түшүргөндөрүн жар салып келет. Албетте, биз укук сакчыларынын мындай аракеттерин кош колдоп кубаттайбыз. Алкымын тыялбаган жемкорлордун такымына таш толгоп, жазасын бериш керек. Бирок, камалгандан кийин дымы чыкпай кеткени бизди кыжалат кылууда. Маселен, «Түндүк» темир жол бажысын башкарган Нурбек Айбашев кармалган маалда кабат-кабат үйлөр, алтын сааттар, миллиондогон акчалар көрсөтүлгөн. Алар эмне болду? Жең ичинен чечилген жокпу? Бир кабарлап койбойсуңарбы?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ