Menu

Назира Айтбекова, теле алып баруучу: “Оозу кыйшык болсо да, эри барлар сүйлөсүн! Бойдок аял экениңди укса дароо “жеңил неме” дешет”

Бөлүшүү:

Популярдуу теле алып баруучу Назира Айтбекова социалдык тармактардын бириндеги өзүнүн баракчасында түгөйү бар келин менен жалгыз бой аялга карата кыргыз коомунун мамилесин ачып берген пост жазып, ыймандай сырын төктү:

Биздин коомдо жолдошу бар келинге мамиле: 
Үй бүлөлүү учуруңда баары сыйлайт. Өтүгүңдү башыңа кийип атсаң да, эри бар дейт. Кадыр барктуусуң. Төрдө отурасың. Чөп – чарга сүйөнүп атсаң да жабышпайт. Кенен – чонон басасың. Мурдуң тим эле асманда. Чоң сүйлөйсүң! Эмне балекет кылып атсаң деле баары сага жарашат! Оозу кыйшык болсо да, эри барлар сүйлөсүн! Жаңы макал чыгарсаң да болот. Эриң бир аз барктуураак неме болсо, анда эле сүт – көл сеники! Эки эсе абдыракаттуусуң! Баары дос сени менен! Катышкысы келгендер, туугандар көбөйүп, башкача “сый” тилде сүйлөшөт. Кыскасы, сыртың жерге тийбейт.

Жалгыз бой болсоң, биздин коомдо: 
Баркың азаят. Көп жерге чакырык албай каласың. Жарты кишисиң анткени. 
Барып калсаң, айрым аялдардын чачы тикчийип, көздөрү акырайып, каны кызып, ичинен таруу айланбай, кысылып, дем жетпей, балапандарын коргологон күрп тооктой эрин кайтарып, сени көзү менен жеп жутуп коет. 
Бойдок аял экениңди укса коомдун мээсинде дароо “жеңил неме” деген ой жазыла түшөт. А эгер анын үстүнө дагы “Артис” болсоң, тем более, эки эсе жеңилсиң. Сенден жеңил жел эле бар. 
Мырзалардын да мындайда бөтөнчө боору ооруп, физиологиялык жактан тынчсызданып, организмге витамин керек дешип, өзгө жардамдан башкача айтканда моралдык, материалдык жактан аттап – буттап өтүп кетишип, дароо физикалык көмөк көрсөткүсү келип кетишет. Бекер витамин тараткычтар абдан көп. Мындай активдүү кырдаалда эмнеге алты эле миллион калкпыз деген суроо туулат. 
Дурусураак кийинип, өз күчүң менен бир нерсеге жетсең, “спонсору” ким болду экен дешет. Жалгыз аял жакшы иш кылса, жарты нерсе кылгандай көрүнөт. Колунан келбейт дешет. Топурагы жеңил келет. Болгон чөп – чардын баары жабышат. “Качан анан тийгени атасың” деген суроо көп келет. Сен тиймейинче уйкулары бузулат

Назира Айтбекова

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: